Коранавирус менен экинчи ирет ооруган адам өлүмгө учураган

0

Нидерланддар коронавирусту кайрадан жуктуруп алган бейтаптардын арасында өлүм катталган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду. Бул тууралуу BNO News билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, сөз мурда рак диагнозу коюлган 89 жаштагы аял жөнүндө болуп жатат. Июль айында ал ооруканага жеткирилип, коронавируска текшерилген. Беш күндөн кийин инфекциянын белгилери кеткенде, ал ооруканадан чыгарылды.

Эки айдан кийин, аял денесинин температурасы көтөрүлүп, жөтөлүп ооруканага жеткирилгенде, кайрадан коронавирус диагнозу коюлган. Оорунун сегизинчи күнүндө анын абалы начарлап, эки жумадан кийин көз жумган. Вирустун генетикалык ырааттуулугу кайрадан жуккандыгын тастыктады.

BNO News маалыматына ылайык, дүйнөдө 23 жолу кайталануу болгон. Биринчи рецидив 24-августта Гонконгдо аныкталган. Жыйырма бейтап кайрадан айыгып, экөө дарыланууну улантууда.

Маалымат үчүн айта кетсек, Нидерландыда коронавирустун биринчи учуру 27-февралда аныкталган. Буга чейин 181 миң адам вирус жуктуруп алган. 6500дөн ашуун бейтап көз жумган.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Get real time updates directly on you device, subscribe now.