Коронавирустан коргой турчу витаминдүү азыктар. Тизме

0

Жогорку категориядагы диетолог Екатерина Бурляева коронавирус инфекциясынан коргоп, иммунитетти көтөрө алган витаминдүү жана минералдарга бай азык-түлүктөрдү санап берди. Анын кеңештерин РИА Новости жазды.

Адис ушул тапта А, С, D, Е, В2, В6 жана В12 витаминдерин, ошондой эле фолий кислотасы, цинк, селен жана темирди колдонуу керектигин айткан.

Ал белгилегендей, D витамининин жетишсиздиги курч кармаган вирустук оорулардын күчөп кетишине шарт түзөт. Бул витамин треска балыгынын боорунда, башка балыктын түрлөрүндө, жумуртканын сарысында жана ак майда болот.

Мындан тышкары, E витамини да организмди вирустардан коргойт. Жаңгак жеп, күн карама майын колдонгондор бул витаминге муктаждыгын толтура алат.

Дарыгер C витамини да дартка даба экенин белгилеп, ал ит мурун, чычырканак, кара карагат, капуста, таттуу калемпир жана цитрус өсүмдүктөрүндө болорун белгилеген. Ошондой эле уй менен тооктун боорунда, сыр, жаңгак жана быштакта бар. Бул азыктарда C витамининен тышкары цинк менен селен да кездешет.

Диетолог витаминдүү тамактарды колдонууда белок, май жана углеводдордун балансын эске алуу маанилүү экенин кошумчалады.

Булак Спутник kg

Get real time updates directly on you device, subscribe now.