Пневмония болуп айыккан кишинин өпкөсүндө кийин фиброз пайда болушу мүмкүн

0

Пневмония болуп айыккан кишинин өпкөсүндө кийин фиброз пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу россиялык дарыгерлердин Кыргызстандагы ишин жыйынтыктоосуна арналган брифинг учурунда пульмонолог, медицина илимдеринин кандидаты Лилия Козырева айтып берди.

«Айрым бейтаптарда COVID-19дан кийин өпкөнүн калыбына келүү учурунда фиброз пайда болушу ыктымал. Андайда өпкөнүн дифузиялык жөндөмү бузулат. Организмге күч келип, адам көп кыймылдай албай калат», — деди дарыгер.

 Андыктан адис өпкөнү калыбына келтирүү учуру өтө маанилүү экенин айтып, дем алуу боюнча көнүгүүлөрдү жасоо керектигин баса белгилеген.

Ошондой эле пневмониянын орточо жана оор формасын баштан кечиргендер дайыма пульмонолог менен байланышта болуп, текшерилип турушу зарыл экенин кошумчалады.

Булак Спутник kg

Get real time updates directly on you device, subscribe now.