ТАЛАНТБЕК БАТЫРАЛИЕВ: “КОРОНАВИРУС БИЗДЕН КЕТКЕН ЖОК, АНЫ МЕНЕН КАЛУУГА ҮЙРӨНӨЛҮ…”

0

— Айрымдардын жүрөгү үшүп, ковидден коркуу менен мамиле кылса, айрымдар тоготкон жок. Шайлоого жапырт кирип баратабыз. Экинчи толкун тууралуу оюңуз кандай?

— Экинчи толкун тууралуу дүйнө жүзү айтып жатат. Бул ковид улам түрүн өзгөртүп, мутация болуп турат. Бирок, жабыркагандардын саны ал өлкөнүн экономикалык жагдайына, пандемияга карата элдин мамилесине, үчүнчүсү, жабыркаган адамдын ден соолугуна жараша болот. “Болбойт” деп айта албайбыз. Түндүк Корея, Түштүк Корея, Япония, Америка – баары катуу даярдык көрүп жатат. Азыр Америкада 5 миллион 200 миңден ашык адам сыркоолоду. 170 миң адамдан көбүрөөгү каза тапты. Бул оор жоготуу. Бүгүн деле басаңдап калган жери жок. Эми кийинки толкун кандай болот? Анүстүнө кылычын сууруп кыш келе жатат. Башка өнөкөт сасык тумоолор да болот. Алар менен бирге кантип жабыркатары азырынча белгисиз. Сак болушубуз керек. 

— Учурда кичинекей балдардын да жабыркаганы айтылууда…

— Азыр башка өлкөлөрдө наристелердин көбүрөөк жабыркап жатканын жазып жатышат. Өнөкөт оорулары бар наристелер ооруп жатабы, же баары эле ооруп жатышабы? Маалымат азыр жетишсиз.

— Көп учурда чындык бурмаланып жаткандай…

— Жыйынтык дүйнөлүк методологияга ылайык болушу шарт. Эмне болсо да чындык айтылышы керек. Кардиолог катары айтарым, Кыргызстанда жыл сайын жүрөктөн 18 миң адам өлөт. Алар ковидге жолугуп, оорусу күчөп каза тапты. Аны жүрөктөн өлдү дейсизби, же ковидденби? Дүйнөгө карап чечип жатышат.

Түркмөнстан бүгүнкү күнгө чейин жашырып жатат. Тажикстан таптакыр тааныган жок. Казакстан дагы жашырып келди. Бирок “ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт” дегендей, Казакстан жашырса дагы ачыгын айтты. Ошондуктан кандай болсо да, аз жабыркоо, коомду сактап калуу гана максат болушу керек. 

Бүгүнкү күндө 83 миллион калкы бар Түркияда ооругандардын саны 1200дөн түшпөй жатат. Карантин болгон жерлерде автомат менен коргоп, ар бир чыккан жерлерде “жоготобуз” деп чуркап жүрүшөт. Биздин аткаминерлер, айрыкча шайлоого умтулгандар “вирус өтүп кетти” деген мамиледе кайдыгер жүрүшөт. Бул чоң жаңылыштык. Оор күндөр өткөнү үчүн “кутулдук” деп бошоп калышты. Бул вирус эч качан кетпейт. Өлтүрүп, үстүнө бетон куюп сала турган оору эмес бул. Вирус биз менен калат. Аны башкарып, аны менен калууга үйрөнүшүбүз керек. 

  — Элдик медицина менен, мисалы, чеснок менен сактанууга ишенгенгендерге пикириңиз?

— Дарыгер катары айтарым, ооруну дарыгер дарыласын, жоопкерчилигин дагы алсын. Жаман болгондо келип алып, дарыгерди күнөөлөмөй күч алды. Баарыбыз кеч болуп калганда барганды, өз алдынча дарыланууну токтотолу. Башынан дарыгерлер дарылап, жоопкерчиликти мойнуна алышы керек.

Жамиля Нурманбетова 

«Азия Ньюс» гезити

Get real time updates directly on you device, subscribe now.