Кыргызстанга белгилүү саясатчы Мелис Мырзакматов, КР Президенти Сооронбай Жээнбековго чукул Кайрылуу жасады

0

Кыргызстанга белгилүү саясатчы Мелис Мырзакматов, КР Президенти Сооронбай Жээнбековго чукул Кайрылуу жасады.

Төмөндө Кайрылуу толугу менен:

—Мен өз мекениме кайтып келген күндөн баштап, күн сайын ондогон жолугушууларды өткөрүп, бардык аксакалдар, бардык топтордун жана ар кандай жарандык бирикмелердин өкүлдөрү менен жолуктум.  Баардыгы тең азыркы учурда борборубуздагы окуяларга, баш башаламандыкка терең тынчсызданууда.

Бүткүл мекендештерим Кыргызстандын бардык саясий күчтөрүнө кайрылып, жерибиздеги тынчтыкты жана бейпилдикти сактап калууга, ар кандай зомбулуктун алдын алуу үчүн кайрылуу жасоону өтүнүшүүдө. Биз өлкөбүздө мыйзамдуулукту жана тартипти сакташыбыз керек.

Ошондуктан, мен дагы Кыргызстандын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго кайрылгым келет: Кыргызстандын көп улуттуу эли сизден мамлекеттин тагдыры, өлкөбүздөгү тынчтык жана тартип үчүн акылмандыкты жана жоопкерчиликти күтөт. Кыргызстанда туруктуулук камсыздалмайынча, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарынан баш тартпашыңыз керек.  Бул биздин жана бүткүл Элибиздин талабы! – деп, президентке Кайрылуу жасаган Мелис Мырзакматов.

Булак: NazarNews.kg

Leave A Reply

Your email address will not be published.

error: Content is protected !!