Жаркынай аянчы: » Садыр Жапаровго кол салуулар болот, бирок тилектери ишке ашпайт»

0


-Саламатсызбы Жаркынай айым, коомдо Садыр Жапаров сыяктуу эле Тилек Токтогазиевди колдогондор да көп. Токтогазиевдин кийинки кадамдары кандай болот?

-Тилек Токтогазиев саясатка эрте аралашып алды. Кийинки кадамдарында туура эмес багыт алып алат да саясаттан биротоло кетет.

-Буга чейин өлкөнү Жээнбековдор башкарып келе жатат деп айтылып келген. Бир тууган Жээнбековдорду эмнелер күтүүдө?

-Коомдо түшүнбөй эле Сооронбай Жээнбековду кетет деп ар түрдүү божомолдорду айтышууда. Сооронбай Жээнбеков азыр тактан кетпейт. Декабрдын башында шайлоо болот, андан кийин өз ыктыяры менен президенттикти өткөрүп берет. Ал эми Асылбек Жээнбеков болсо саясаттан четтетилип, башка өлкөгө качуунун аракетин кылып жатат.

-Дагы деле болсо жаштар жаңы лидер келишин талап кылышууда. Жаңы лидер келеби же эскилерден эле кутулбайбызбы?
-Садыр Жапаров жаштар менен тыгыз байланышта иштейт. Жакшы иштер болот. Бирок коомго белгисиз болуп көмүскөдө жүргөн жаш жигит лидер болуп жаштардын колдоосу менен чыгат.

-Экс-президент Алмазбек атамбаев кайрадан абакка түштү. Кийинки абалды сиз кандайынан көрүп жатасыз?
-Ал киши саясатка киргенге аябай аракет кылды. Акырындык менен анын партиясы тарап кетет. Азыр деле Атамбаевдин ден соолугу начар. Мындай абал менен ал инфарк алат. Ошондон кийин ден соолуктун айласы менен саясаттан биротоло кетет.

-Садыр Жапаровдун айланасында ар түрдүү адамдарды көлөкөсү бар. Анын өмүрү коркунучта эмеспи?
-Садыр Жапаровго кол салуулар болот, бирок тилектери ишке ашпайт.

-Садыр өлкөнүн азыркы абалын тарта алабы?
-Садыр Жапаров элди сырткы карызын “Кумтөр” аркылуу куткарат. Акырындык менен “Кумтөр” өкмөттүн карамагында иштей баштайт. Ичиндеги түзүүчүлөр четтетилип, мыйзам чегинде жооп да беришет.
-Таалатбек Масадыковду өлкө үчүн саясий сабаттуу адам деп аны колдоочулар да бар. Бул адам саясатка келеби?
-Таалатбек Масадыков саясатка келет. Өлкөнүн ички сырткы иш аракеттерине ийгиликтүү салым кошуп, бизге белгисиз болгон көптөгөн мамлекеттик сырларды ачыктап берет. Бирок кандайдыр бир кара күчтөр менен байланышып алып саясатта аксай түшөт.

Маектештен Аргумент.кж сайты

Leave A Reply

Your email address will not be published.

error: Content is protected !!