Таластагы тойдон кийинки өлүм: 23 жаштагы жигитке классташы бычак сайып салды

0

Бүгүн, 12-октябрь күнү таңкы саат 5:00 чамасында Талас шаарында 23 жаштагы жигит бычакталып каза болду. Бул тууралуу маалыматты Талас ОИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, кылмышка шектүү катары маркумдун классташы кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тойдон чыккан классташтар дүкөнгө барышкан. Маркум жигитке дүкөндүн ичинде бычак сайылган. Классташтар Талас шаарынын тургундары.

Турмуш кж

Leave A Reply

Your email address will not be published.

error: Content is protected !!