Айдай Турсунбекова: «Атамдын көзүнүн тирүүсүндө мен аны канчалык жакшы көрөрүмдү айтпаганыма өкүнөм»

0

Белгилүү саясатчы Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай атасын эскерди.

«Ата, туулган күнүӊүз менен!» — менин бүгүнкү күнүм ушундай телефон чалуу менен башталышы керек эле. Бирок бүгүнкү күнүм өкүнүч менен, мындан ары атамды кайра көрбөй тургандыгымды эстеп капалануу менен башталып олтурат.

Атамды биздин арабыздан мынчалык эрте кетет деп ойлогон эмесмин. Күч-кубатка толуп, турмуштук тажрыйбага каныгып, калкыбыз үчүн албан-албан иштерди аткара турган курагында «келбес жайга» кете берди. Көзүнүн тирүүсүндө мен аны канчалык жакшы көрөрүмдү, мен үчүн жасаган мээнетине чексиз ыраазылыгымды көп-көп айта албай калгандыгыма өкүнөм.

Бала кезимде мен апама караганда атама жакын болуп өстүм. Балалыгымдагы атам жөнүндөгү жаркын элестердин бири – аны менен чогуу барып уктоо үчүн, ашкананын эшигиндеги айнекти шыкаалап карап олтуруп күткөн учур. Ал кезде атам кандидаттык диссертациясын жазып жүргөн мезгил эле. Ашкананын эшигиндеги булаӊгыр баскан айнектен көрүнгөн атамдын иштеп олтурган элес-сөлөкөтү азыр да көз алдымда турат.

Паракорлукту жана коррупцияны жектеген алгачкы турмуштук сабакты мен 17 жашымда алдым. Мектепти аяктагандан кийин мен Кыргыз-Орус Славян университети менен Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырып көрүүнү чечтим. Кыргыз-Орус Славян университетине сынак тапшырган күнү атам мени алып кетүү үчүн машинасы менен келип, «деканатка кирип чыгам» деп кирип кетти. Мен аны машинада күтүп олтурдум. Атам эмнегедир капалуу чыкты, келип машинасын от алдырды да: «Сен бул университетте эч качан окубайсыӊ» деди. Себебин кийин билдим, көрсө ал жердегилер атамдын көзүнчө эле университетке өткөрүү үчүн пара алып жатышкан экен. А мен өзүмдү коёрго жер таппай, «эми АУЦАга өтпөй калсам эмне болот» деген ойлор менен алпурушуп жаттым. Себеби мен башка окуу жайларга окуу тууралуу ойлонгон да эмесмин. Атам менин абалымды туура түшүндү, эч нерседен бейкапар гана «быйыл өтпөсөӊ, кийинки жылы тапшырып көрөсүӊ, же чет өлкөгө барып окуйсуӊ» деди. Бактыма жараша, мен АУЦАга өттүм.

Мен «атам саясатка аралашпай эле койсо болмок» деп ичимден көп ойлончумун. Себеби чогуу бирге болгон учурларыбыз азайды, демалыш күндөрү киного барып, андан кийин ресторанга барып кечки тамак ичкен күндөрүбүз жокко эсе болуп калды. «Акундун» өнүгүүсү солгундап кетти. Албетте, биз өз ишибизди жакшы эле аткарып жаттык, бирок «Акундун» лидери жана башкы дем берүүчүсү атам экендиги белгилүү эле. Андыктан бардык жаӊы долбоорлор анын демилгеси менен ишке ашырылчу. Анын чоӊ саясатка аралашып кетүүсү менен ал долбоорлордун көпчүлүк бөлүгү ишке ашпай калгандыгы да өкүнүчтүү. Бирок мындай учурларда эмнегедир атамдын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине алгачкы жолу депутат болуп шайланган күнү эсиме түшөт. Ооба, мындан туура он жыл мурун биз ресторанда олтуруп, атамдын туулган күнүн белгилеп жаткан элек. Жаныбызга бир кичинекей бала басып келип, «сиз үчүн биз үй-бүлөбүз менен СДПКга добуш бердик» деп айтты. Алгачында анын саясатка аралашуусуна биз үй-бүлөбүз менен каршы болсок дагы, бул жолу мен атам менен ушунчалык сыймыктанып турдум.

Атамдын көзү өткөндөн кийин ал ишке ашырган долбоорлор тууралуу мага айтып беришкенде, Нарынга барганымда мен тааныбаган эле адамдар келип, алардын айылы үчүн атам жасап берген иштерин айтышканда жана Фейсбук аркылуу көӊүл айтышып, республикабыздын башка региондорундагы аткарган иштерине ыраазылык билдиргенде, мен атамдын орду чынында эле чоӊ саясатта экендигин түшүндүм. Ооба, атам көптөгөн башка саясатчылардан айырмаланып турар эле. Себеби эч качан интригаларга тартылбаган принципиалдуу, өзүнүн турмуштук баалуулуктары бар жана аларга эч качан кыянаттык кылбаган адам болгон. Биз «саясат – сасык иш» деп айтсак, ал дайыма мындай деп жооп берер эле: «саясаттагы адамдар сасык болгон үчүн, саясат сасык». Ошондой эле апамдын «саясатка барганыӊа өкүнбөйсүӊбү» деген суроосуна: «эгерде мен саясатка барбасам, бул дүйнөдө адамдардын арасында «арстан», «карышкыр» жана «түлкү» гана эмес, чөөлөр да бар экендигин билбей эле өтүп кетмек экенмин. Өкүнүчтүүсү, алардын арасында чөөлөр көпчүлүктү түзөт экен», — деп жооп берди эле.

Ата, туулган күнүӊүз менен! Биздин тулку боюбузга сиӊирип кеткен турмуштук баалуулуктарыӊыз жана принциптериӊиз үчүн, сиз калыптандырган кайратман мүнөз жана сиз тартуулаган жаркын өмүр үчүн чоӊ рахмат, тереӊ ыраазычылык. Бул жашоомду сиз сыймыктангыдай кылып жашап өтүүгө убада берем!…

Leave A Reply

Your email address will not be published.

error: Content is protected !!