Айбек Мырза:“Тополоңдорго чекит койуунун бир жолу бул таза шайлоо”

0

—Айбек Мырза төңкөрүштөн дайын жок жылдардан бери эле элдик курултайларды өткөрүп, “Элдин байлыгы элге, элдин бийлиги элге” деп   айтып бир мандаттуу шайлоонун жолдорун чечмелеп келесиң. Алдыда кеңири талкууга түшө турган бир мандатуу шайлоонун жол-жобосун өз оозуңдан уксак?

—Конституциянын экинчи беренесинде шайлоодо талапкерлерди түз жана тикелей шайлаш керек деп так жазылып турат.  Биз бюллетенде партиянын эмес адамдын ысымын шайлашыбыз керек. Экинчиден ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Тилеке каршы шайланууга болгон укугубуз алынган. Партияга кирбесең шайлана албайсың. Ошол себептен ушул эки беренени кайра калыбына келтирип, конституциядагы шайлоолор боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип бул мыйзамды ылайыктап кайра ордуна, калыбына алып келишибиз учур талабы. Ал үчүн 2007-жылга чейинки шайлоо мыйзамын алып келип ошого толуктоолорду киргизип, округдарды кеңейтип, ар бир округдан жеке адам дагы талапкерлигин кое ала тургандай механизмди иштеп чыгуу зарыл. Ошондо бизде партиялар үстөмдүгүн кыла албайт. Кайра эле тополоңдор кайталанбайт. Болбосо утулган тарап кайра эле тополоңду уланта берет. Тополоңдорго чекит койуунун бир жолу бул таза шайлоо, шайлоо системасын өзгөртүү. Экинчиден конституциянын 52-беренесинде курултайлар тууралуу бөлүм бар. Бул бөлүмгө дагы он жылдан бери мыйзам жазыла элек. Депутаттар Каныбек Иманалиев менен Кенжебек Бокошовдун мыйзам долбоору бар. Ошол долбоорду кайта алып өзгөртүү толуктоолорду киргизип курултай тууралуу мыйзамды кабыл алуу шарт. Ошондой жол менен биз элдин бийлигин элге кайра беребиз.

Биз макаланы даярдап жатканда Айбек Мырза Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. 
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон мыкты жетекчи болушуна тилектешпиз!

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак Azia News

Leave A Reply

Your email address will not be published.

error: Content is protected !!