25 млн сом зыян. «Кыргыз темир жолунда» кезектеги коррупциялык схема аныкталды

0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында кезектеги коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Аталган ишканада мамлекеттик сатып алууда жана уюштуруу иштеринде коррупциялык схема түзүлгөнү маалым болду.

2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта чарбалык субъект эң чоң материалдык пайда алуу максатында Мамлекеттик ишкананын жооптуу кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, жогорку сапаттагы жыгач шпалдардын ордуна, иш жүзүндө стандарттарга жооп бербеген сапаты төмөн шпалдарды жеткирип орноткон.

УКМК мындай иш-аракеттер адамдардын өлүмүнө алып келген темир жол кырсыгына алып келиши мүмкүн экенин билдирет.

Мамлекеттик соттук экспертиза кызматы тарабынан жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча бул коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды.

4-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бишкектин Биринчи май райондук соту чарбалык субъектинин өкүлү «И.Г.А.» аттуу жаранга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

error: Content is protected !!