ОШ-БИШКЕК УНАА ЖОЛУНДА 3 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ҮРӨЙ УЧУРГАН КЫРСЫК КАТТАЛДЫ(ВИДЕО)

0

Ош-Бишкек унаа жолунда үрөй учурган кырсык катталды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Тасмада күбөө болгондой, жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышып, үч адам ошо жерден мерт кеткен. Алар жеңил машинанын 60 жаштагы айдоочусу, анын 36 жаштагы баласы жана келини (каза болгон уулунун жубайы) болгон.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 7-ноябрда, эртең менен саат 6:30дар чамасында болгон. Toyota Camry Бишкекти көздөй келе жатып Ош тарапка бараткан оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Булак Элдик Медиа

Leave A Reply

Your email address will not be published.

error: Content is protected !!