Джо Байден мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына тыюу салууну алып салууга ниеттенүүдө

0

АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Жо Байден 20-январда мамлекет башчысы кызматына киришкенден кийин токтоосуз бир катар жарлыктарга кол коюуну пландап жатат.

Ошентип, ал учурдагы президент Дональд Трамп тарабынан буга чейин көтөрүлгөн айрым демилгелерди жокко чыгарууга ниеттенүүдө.

The Washington Post гезитинин маалымат булактары билдиргендей, саясатчы Париждеги Климаттык келишимге кайрадан кошулуп, АКШнын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан чыгуусун жокко чыгарууну пландап жатат.

Ошондой эле, бир нече мусулман өлкөлөрүнүн жарандарынын өлкөгө чыгуусуна салынган тыюуну алып салуу жана бала кезинде мыйзамсыз алынып келинген адамдардын өлкөдө калуусуна жол ачуу программасы калыбына келтирилиши мүмкүн.


Эскерте кетсек, АКШда жалпы шайлоо 3-ноябрда өткөн. Алардын жыйынтыгы боюнча Демократиялык партиядан талапкер Жозеф Байден 46-президент болуп шайланды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

error: Content is protected !!