Түндө Орто-Сай базарында өрт чыгып, 1800 чарчы метр аянт күйүп кетти (ВИДЕО)

0

2020-жылдын 8-ноябрынан 9-ноябрына караган түнү Бишкектеги “Орто-Сай” базарында өрт чыгып, тилсиз жоо 02:16 чамасында чектөөгө алынып, 9-ноябрда эртең мененки саат 8:55те толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Азыркы тапта өрттүн эмне себептен келип чыкканы аныкталууда. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн болжолдуу аянты 1800 чарчы метрди түздү. ӨКМнын маалыматы боюнча, тилсиз жоо түнкү саат 00:18 чамасында чыккан. Аны өчүрүүгө 5 өрт өчүрүүчү бригада, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа тартылды.

https://www.youtube.com/watch?v=BvIYBR1fMcs

Leave A Reply

Your email address will not be published.

error: Content is protected !!