COVID-19 жана сасык тумоонун негизги айырмачылыктары

0

COVID-19 жана сасык тумоонун белгилери окшош, бирок диагнозду туура аныктоо үчүн эки оорунун ар кандай көрүнүштөрүнө көңүл буруу керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) эскертти.

ДССУнун билдиргенине караганда, жөтөл, мурундан суу агуу, тамактын оорушу, дене табынын көтөрүлүшү, чарчоо коронавирус жана грипп вирусунун жалпы белгилери болуп саналат. SARS-CoV-2 кошумча дем алууну, даамдын жана жыттын төмөндөшүн шарттайт.

Мындан тышкары, COVID-19дун оор түрү табиттин төмөндөшү, туруктуу оорусу же көкүрөктөгү басым, 38 градустан жогору температура жана эс тутумдун жоголушу менен көрсөтүлөт. Ушундай белгилер жаралса, тезинен дарыгерге кайрылуу керек. Өнөкөт оорулары бар адамдар, улгайган жарандар, беш жашка чейинки балдар жана кош бойлуу аялдар да тезинен дарыгерлерге кайрылышы керек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

error: Content is protected !!