Бек Борбиев: Жаңы Баш мыйзамды окуй элекмин, окубай эле колдойм

0

 Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бек Борбиев жаңы Конституцияны колдоорун билдирди. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, буга чейинки абалыбыз дал ушул тең укуктуу башкаруудан келип чыккан.

“Жоопкерчилик жок, ушул акыбалга келдик. Бир адам баардыгына керт башы менен жооп берсе, колдойм.

Жаңы Баш мыйзамды окуй элекмин, окубай эле, колдойм”, — деп жазды ырчы.

Эскерте кетсек, 17-ноябрь Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору коомчулукка сунушталган. 

Leave A Reply

Your email address will not be published.

error: Content is protected !!