БШК президенттикке аттанган 12 адамдын документин кайтарып берди

0

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын президенттигине ат салышуу ниетин билдирген 12 талапкерге документтерин кайтарып берди.

Чечим БШКнын жыйынында кабыл алынган. Соттуулугу жоюлбаган үч кишинин талапкерлиги алып салынды. Алар:

Кубанычбек Кадыров;

Бектур Асанов;

Нурлан Мотуев.

Ал эми мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерген «Кыргызтесттин» сертификатын көрсөтпөгөн дагы 9 кишиге документи кайтарылды. Алар:

Анар Зарипова;

Анаркүл Араева;

Тынчтык Акжолтоев;

Юлия Лилиенталь;

Елена Клипачева;

Султан Ажиматов;

Куттумидин Базаркулов

Leave A Reply

Your email address will not be published.

error: Content is protected !!