Диетологдор балды колдонуу кээ бир адамдар үчүн коркунучтуу болорун айтты

0

Биз күнүмдүк турмушта жогору баалап, ден соолукка табылгыс кассиеттерге ээ деп келген бал чындыгында кээ бирөөлөр үчүн кооптуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Барометр” атайын пайдалуу кеңештердин топтомун сунуштаган.

Бал иммунитетти көтөрүүчү, суук тийгенден айыктыруучу кассиеттерге ээ деп эсептешет.  Бирок, дарыгерлер балды «ден соолук эликсири» деп эсептөөнүн кажети жок экенин айтышат. Анткени, бал аллергиялык реакцияны жаратып, ашказанды дүүлүктүрүшү мүмкүн.

Дарыгерлердин айтымында, балды үч жашка чейинки балдарга берүүгө сунушталбайт. Себеби, аллергия берип кетиши мүмүкүн.  Ошондой эле, ашыкча салмак менен жабыркаган адамдар, гипертония жана майлуу боор гепатозу менен ооруган адамдар үчүн балды колдонуу сунушталбайт. Анын үстүнө, шекер алар үчүн карама-каршы.

Көпчүлүк эл арасында айтылып жүргөн, канттын ордуна бал колодонуу керек дегендин өзү туура эмес. Сиз жөн гана кантты да балды да ченемдүү колонушуңуз керек.

Мындан тышкары, бал, диетологтордун айтымында, ашказандын былжыр челин дүүлүктүрүшү мүмкүн, ошондуктан ичеги-карын ооруларына чалдыккан адамдар аны этияттык менен колдонушу керек.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.