Жо Байден Кыргызстанга карата виза чектөөсүн жокко чыгарды

0

Американын жаңы шайланган президенти Жо Байден Кыргызстанга карата виза чектөөсүн киргизген буга чейинки карлыкты алып салды. Маалыматты Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду.«Биз кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саякатка байланыштуукоопсуздукту бир кыйла жакшыртканын колдойбуз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган кыргызстандык электрондук паспорттор иштелип чыгып, даярдыктын акыркы баскычында турат. Бул паспорттор кыргызстандыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоонун кепилдиги болмокчу. Ошондой эле, INTERPOL менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү өркүндөттү», -деп айтылат маалыматта.Ошол эле учурда COVID-19 пандемиясынын шартында виза берүү өтө чектелген. Бул кулактандырууга байланыштуу виза маселелери боюнча акыркы жаңылыктарды алуу үчүн kg.usembassy.gov веб-сайтына кайрылуу керек. «Америка Кошмо Штаттары кыргыз элинин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана гүлдөп-өнүгүшүн жогорулатууүчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат», -деп айтылат элчиликтин маалыматында.АКШ президентти Жо Байден 20-январда ант берип кызматына расмий киришти. Инаугурация аземине мурдагы президенттер Жорж Буш, Билл Клинтон жана Барак Обама катышты. Жо Байден ант бергенден бир нече саат өткөндөн кийин эле, мурдагы президентДоналд Трамптын бир катар саясий чечимдерин жокко чыгарды. Анын ичинде, иммиграция, климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы менен күрөшүү маселелери боюнча бир катар жарлыктарга дароо кол койду.

Булак: maralfm.kg

Get real time updates directly on you device, subscribe now.