БИШКЕКТИН БУЛГАНГАН АБАСЫН ТЕКШЕРҮҮ ҮЧҮН БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРЫ КАНЧА КАРАЖАТ АЛЫШКАН?

0


Чет өлкөлүк донорлор тарабынан Бейөкмөт уюмдардын иштеши үчүн бөлүнгөн гранттар, чып-чыргасы коробой кулкунга куюлуп — “желип” жок болоору, Кыргызстанда эчак эле нормага айланган. Жарандык активисттер деп аталып жүрүшкөндөр кымбат баалуу машиналарга минишип, кымбат квартираларды сатып алышып, көз тайгылткан котедждерди курушканы эч кимди деле катуу таң калтырбайт. Активисттердин бизнеси — батыштын демөөрчүлөрү тарабынан бөлүнгөн каражаттарды, адам укугун коргоо, же болбосо экологиялык мыйзам бузуулар менен күрөшүү сыяктуу сонун тилектерге, демократиялык максаттарга жамынуу аркылуу ич ара өтө сабаттуу “бөлүшүп” алышаарын бүт баары тең билишет. Ал бөлүшүүгө “өз” кишилерин гана жолотушат.
Акыркы убактарда республикада MoveGreen деген жаштардын экологиялык уюму кеңири тааныла баштады. Активисттер республикадагы өтө маанилүү маселенин тегерегинде иш алып барышкандай түр көрсөтүшөт: абанын сапаты сыяктуу маселеге коомчулуктун көңүлүн дайыма бурушат, өлчөөлөрдү, изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Бул экологдор карандай демилге менен иштешпейт, донорлордун каражаттарын “сорушат”.
Ушул кышта Борбордук Азиянын мамлекеттеринин борборлорунун ышка уукканы коомчулуктун ичинде өтө көп талкууланган темага айланып, ушул маселе боюнча Move Greenге акча бөлүнгөн.
2020-жылдын декабрында 24.kg агенттиги АКШнын мамлекеттик департаменти бул уюмга $300 миң (!) өлчөмүндөгү каражат бөлгөнүн жазып чыккан. Мындай олчойгон акча экологдорго эмне үчүн керек деп сурашыңар мүмкүн. MoveGreen “Кыргызстан менен Казакстандын абасынын сапатын мониторинг” кылуу желесинин ишин жакшыртууга милдеттүү. Бирок, Кыргызгидромет, Казакгидромет, ЮНЕП жана эмнегедир Бишкектеги, анан Нур — Султандагы АКШнын элчиликтери менен кызматташуу аркылуу жасалчу бул долбоордун кантип ишке ашыраары түшүнүксүз.
Буга чейин мамлекеттик департамент MoveGreenдин бүгүнкү күндөгү өтө популярдуу жанр болгон журналисттик изилдөөлрдүн методикасына журналисттерди окутуу боюнча долбооруна колдоо көрсөткөн. Окутуш үчүн “тренерлерди” чакырышкан. Ал “тренерлер” АКШ тарабынан каржыланган баардык долбоорлорго жана тренингдерге үзгүлтүксүз катышып келе жатышкан Райымбек Матраимовдун ишин изилдеп атак алышкан Али Токтакунов менен Болот Темиров.
Токтакунов менен Темировду долбоордоо «иштөөгө» чакырышканы эле, донордук каражаттарды бөлүштүрүү механизми бейөкмөтчүлөр тарабынан майда-чүйдөсүнө чейин иштелип чыкканын, а эң мааилүүсү бул “майлуу устуканды” керектүү гана кишилер алаарын далилдеп турат.
Демөөрчүлөр кабыл алгыдай кылып отчетту кантип тапшырыш керектигин биздин бейөкмөтчүлөр эчак эле үйрөнүп алышкан. Жасалма кагаз отчетторду активисттер ушундай виртуоздуу толтурушат, эч кандай кине кое албайсың.
Иштин тыянагын көрсөтүү татаалыраак. Мисалы, журналисттик иликтөөлөргө окутуу долбоорунун тыянагы боюнча, донорлорго чиновниктер менен саясатчылардын өлкөдөгү экологиялык мыйзам бузууларга байланышы барлыгынын далили катары макалалар жана көрсөтүүлөр чыгарылышы керек.
Акыркы мөөнөттөрдүн баары эчак аяктаган, а бирок айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бир дагы чуулгандуу иликтөө ММКга чыккан жок. Кээ бир журналисттер бейөкмөтчүлөр “тренерлер” менен акчаларды өз ара бөлүшүп алышканына нааразы экени айтылууда, а башы менен башмалдык атып иштей турганы тренингдин катышуучулары.
Кээ бирлеринин айтымына караганда окутуу иш-чарасы өттү аты болуп, донорлорго отчет берүү үчүн гана жасалгандай таасир калтырыптыр. Америкалыктар тарабынан каржыланган, программалардын баарына «тренелер» деп киргендер, анча деле кыйратып жардам көрсүшкөн эмес экен. Алар акчаларын алышып иштеди аты болуп эптеп “кутулуш” үчүн – а башкысы жалаң отчет үчүн гана аркеттенишкени баамдалган.
Дагы бир ирээт эске сала кетели, донорлук каражаттарды ич ара бөлүштүрүп «жеп коймой» Кыргызстанда эчактан эле жолго коюлган. Республиканын бейөкмөт уюмдары — жабык бизнес-клуб, ага каалагандын баары эле кире бербейт, анткени жарандык активисттерге алардын бизнесинде кошумча конкуренттердин кереги жок.
Бейөкмөтчүлөрдүн гранттар үчүн ич ара күрөшү көптөгөн жылдар боюу жашыруун болуп келген. Бирок, былтыр АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча Агентствосу (ЮСАИД) «Общее дело» уюмуна $1.2 миллион бөлгөндө чоң чатак чыкты.
Бул олуттуу сумманы ала албай калган бейөкмөт уюмдары (НПО) цехтик боор тартууга түкүрүп туруп, чыр башташкан. Ошондо бейөкмөтчүлөрдүн гранттарды бөлүштүрүүсүнүн, отчеттуулугунун, жашырып-жабуучулугунун жана жарандык коом деп аталган уюмдардын ичиндеги коррупциянын бети ачылды.
Америкалыктар мурда регулярдуу түрдө Кыргызстандагы шайлоолорду мониторинг кылганга дайыма ишеним көрсөтүп келишкен жети жергиликтүү бейөкмөт уюмдары ( НПО), ЮСАИДди эл алдында ачык айыптап: грант алууга өткөн конкурс фиктивдүү болгонун, үлкөн кирешеге туйтунган «Общее дело» уюму $1,2 миллионду өздөштүрүш үчүн атайын түзүлгөнүн айтып чыгышты.
Бейөкмөтчүлөр уткан уюмду бир кезде америкалык Улуттук демократиялык инститтутта (NDI) иштеген Аида Сүйүндиева жетектээрин жана ал Бишкектеги АКШ элчилигинин кызматкери, ЮСАИДдин программалары боюнча менеджери Назгүль Акишеванын жакын курбусу экенин айтып чыгышты.
Чатак чыкканына карабай, алынган грантты элчиликтин кызматкеринин курбусу каалаганындай чачкан: Бишкектин борборунан кымбат офис, мыкты техника алган, ошондой эле кызматкерлердин штатын түзүп, ар бирине $1 миңден кем эмес айлык төлөгөн.
Каражатты каалаганындай коротуу адаты бейөкмөтчүлөрдүн дээрлик баардыгына мүнөздүү. Алар эртеңки күнүнө ишенишет – чет өлкөдөн агылып келчү гранттардын куйругу эч качан үзүлбөйт. А бул каражаттарды элдин кызыкчылыгын коргош үчүн эмес, өзүнүн пайдасы үчүн кантип «өздөштүрүштү», Кыргызстандагы ар бир бейөкмөтчү активист эң сонун билет.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.