КОШУНА ЖЕҢЕНИН ӨЛҮМҮНӨ ӨЗҮМДҮ СЕБЕПКЕР СЕЗЕ БЕРЕМ…

0

Кошуна жеңенин өлүмүнө өзүмдү себепкер сезе берем…
 

“Ал окуя күнү бүгүнкүдөй эсимде… Ал кезде, жашым 11-12лерде болчу . Чачымды экиге байлап алып, курбуларым менен дүйнөдөн кабарыбыз жок ойноп жүрөөр элек. Эртең менен музоонун мөөрөгөнү менен кошо туруп, уйкулуу көздөрүм менен малдарды талаага айдап келчүмүн. Талаада отуруп ар нерсени кыялданып, анан бир заматта эле көңүлүм түшүп кетчү. Анткени, айылдын четинде көзгө жагымсыз, үңкүйгөн бир үй обочолонуп турчу. Эмне мынча көзүмө суук көрүнөт эле билбейм, бирок дайыма ал үйдөн алыс өткөнгө аракет кылчумун. Кудум эле, ошол жердин жаман энергиясы мага өтүп кетчүдөй сезиле берээр эле. Андай дегенимдин да жөнү бар. Анткени, ошол үйдө ичкич кошуна байке, аялы жана балдары менен жашачу. Алардын үйүндө күн сайын уруш-жаңжал тынчыбай, байкуш аялы бир күн көзү көгөрүп, дагы бир күн бети-башы шишип, сулуу жүзүнүн ажары өчүп, күн сайын соолуп бараткан гүл сыяктуу элес калтыраар эле… Эң кызыгы, анын бети башынын көгөрүп жүргөнүнө айылдагылардын баары көнүп бүтүшкөн, эч ким көңүл деле бурбайт.. Эмнеге мындай? кетип калбайбы деп сурасам “2 баласы менен ким батырмак эле?”, “ал деген катын,чыдап жашасын”, “азыр таяк жейт анан балдары чоңойсо, балдарынын үзүрүн көрөт”-деген сөздөрдү укканда кичинекей жүрөгүм кадимкидей эзилип, ыйлагым келип кетчү. Бирок, чоңдор ушинтип жатышса чын эле ошондой болсо керек деп ойлоп, акырындап ошол кайдыгерликке көнүп кеттим.

Бирок ошол күн… Кечинде ар дайымкыдай эле малдарды айдап келе жатсам, ошол үйдөн адаттагыдан башкача чыңырык угулду. Ал чыңырыкка ичкич байкенин бакырганы, балдардын ыйы, муштумдун үндөрү баары аралашып коркунучтуу бир музыкага окшоп кеткен эле. Бир саамга ойлонуп туруп, баягы эле урушу болсо керек деп жолумду уладым. Эртең менен ошол жаман үйдөн, “кепинге” оролгон жаш келинди алып чыгып кетишти.

Ооба, мени эч ким күнөөлөгөн жок, бирок ошол күнү бирөөнү чакырып жардам берип койсом балким ушул окуя болмок эмес беле? эмнеге мынча кайдыгерлик кылдым? өзүмдү ошол байке аялын уруп жатканда көрүн казып бергендей болуп бир канча күн өзүмө келе алган жокмун. Билем, актана турган нерселерим толтура. Жаш болчум, эч нерсени түшүнбөйт элем… Бирок, мен билип, угуп туруп жардам берген жокмун. Муну кантип актаса болот? Мен ушул окуяны эч унута албай койдум…

Нурзат

    ayal_kg

Get real time updates directly on you device, subscribe now.