Дастан Бекешев: «Эмдөөдөн алгач президент,премьер-министр,төрага өтсүн анан кийин эл»

0

Коронавируска каршы кайсы вакцинаны тандабайлы, алгач өлкөнүн биринчи адамдарын эмдөөдөн өткөрүшүбүз керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты  Дастан Бекешев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.Эл өкүлү элди ишендирүү үчүн ушундай кадамга барыш керек деп эсептейт.

«ПРЕЗИДЕНТ, ПРЕМЬЕР-МИНИСТР, ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ, САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРИ АЛГАЧ ӨЗДӨРҮ ҮЛГҮ КАТАРЫ ТҮЗ ЭФИРДЕН ВАКЦИНА САЙДЫРСЫН. ОШОНДО ЭЛ БУЛ ВАКЦИНАНЫ КОЛДОНСО БОЛОТ ЭКЕН ДЕП ИШЕНЕТ. АНДАЙ БОЛБОСО, КӨРҮП ЖАТАСЫЗДАР ГО, ВАКЦИНАНЫ АЙРЫМ МАМЛЕКЕТТИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КОЛДОНУШПАЙТ. ДАРЫГЕРЛЕРДИ «МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ ЭМДӨӨДӨН ӨТКӨРӨСҮҢӨР» ДЕП МАЖБУРЛАГАН БОЛБОЙТ», — ДЕДИ БЕКЕШЕВ.

Ошону менен бирге ал жаңы шайланган президент инаугурациядан кийин кайсы вакцинаны алуу керектигин айтып, өзү биринчи эмдөөдөн өтүп берет деп үмүт артты.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.