Борбор калаада жол кире акысы 20 сомго көтөрүлөбү?

0

Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустардын айдоочулары жол кирени 19-20 сомго жогорулатууну талап кылышты. Мындай талабын мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев менен жолугушкан учурда айтышкан.

Мэриянын маалыматына караганда, мэрдин милдетин аткаруучу кичи автобустардын акысын убакытты эске албастан 15 сомго, ал эми троллейбус менен автобустардын акысын 10 сомго жогорулатууну сунуштаган. Ал эми пенсионерлер менен балдар 8 сомдон төлөсүн деп сунуштады.

Өз кезегинде Балбак Түлөбаев мэрияга караштуу транспорт саясатын караган кеңеш түзүүнү сунуштады.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.