Самара Каримова:»Алтын эшик жабылса, күмүш эшик ачылат». Чалындым, бирок жыгылган жокмун!

0

Нааразычылыктарга карата Самара Каримова билдирүү жасап, окуу жайдын директорлугунан баш тартарын айтты.

«Акыркы күндөрү мага жана менин атыма байланышкан бир канча окуяларга күбө болдуңуздар. Мындан эки жыл мурда мыйзамдуу дайындалган кызматымдан укугум одоно бузулуп, шагым катуу сынган. Бул менин намысым, ден соолугум жана жакындарым үчүн өтө катуу муш болгон. Ошол укугумду коргоп, канча убакыт соттошуп дайындалган ишиме кайтып барып, эл-жериме, кыргыз маданиятына ак дилимден кызмат кылгым келген. Кудайга шүгүр, сотто жеңип чыгып чындык мен тарапта экенин далилдедим. Кудай алдында, мыйзам алдында ак экенимди далилдедим.

Кызматыма кайрадан киришип музыкалык окуу жайды аз убакытта өнүктүрүп-өстүрүүгө ак ниеттен бел байладым эле. Бирок окуу жайдын эмгек жамааты буга макул болбоду. Аларды адилеттүү башчы, ак кызмат өтөгөн ишмер болууга убада берип, ынандырууга аракет кылдым. Мурунку директордун 100 түрлүү сүйлөгөнү, кубулганы, 5-6 адамдын басымы менен эмгек жамаатта «аба ырайы» өзгөрүп турат экен. Ойлонуп көрсөм, булар өнүгүүнү каалабайт экен. Ушул жашоосуна, күнү өтүп жатканына ыраазы экен. Сыртта 21-кылым экени ойлонтуп дагы койбойт. «Болбогонго болушпа» дегендей, ушуларга кетире турган кайран күчүм, идеям, дараметим дедим. Жашоодо мен көп сыноолорду жон-терим менен сезип, тике карап жеңип келгем. Бул көрүнүштү да Аллахым берген дагы бир сыноо дедим. «Алтын эшик жабылса, күмүш эшик ачылат». Жашоо улана берет. Чалындым, бирок жыгылган жокмун!

Жумушумду баштап, элибизге мыкты жыйынтыкты көрсөтөм деп позициямда катуу турдум. Бирок, мунумду көпчүлүк түшүнө албады. Мурунку директордун жакындары тааныш журналисттерине тынбай чалып, чакырып, «келгиле, Самара дагы келди, интервью алгыла» деп жаткандарын өз көзүм менен көрүп турдум.
Анын үстүнө, батыштын акчасын жеген журналисттер күнү-түнү ошол жатаканада жашап эле калышты. Окуяны бир тараптуу чагылдырып жатышты. Провокация кылып, тукуруп, алардын боё сезимдерин пайдаланышты. Ошол эле журналисттерге канча жетишкендеримди, Кремлде,Ташкентте дүңгүрөтүп жеке концерт бергенимде, жалынып, суранып да ийгиликтеримди маалымат катары чыгара алган эмесмин.

Буларга ызы-чуу гана керек. Окуу жайдын келечегин, өнүгүүсүн, студенттердин, мугалимдердин тагдырын «уруп» да ойнобойт. Эртең мен кетсем, карап турсаңыздар, кадам басып койбойт ал жерге.
Эли-журтумдун ак батасын албай кантип ишке киришем? Ошон үчүн, жети эмес жетимиш өлчөп, жакшы санаалаштар менен кеңешип, чечим кабыл алдым — мен окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартам.
Бул тууралуу арызымды жазып, буюрса, министрликке жолдойм.

Чындап ак дилимден кызмат кылып берсем дегем. Ошол оюм менен кылган аракетим аркылуу кимди капа кылып алсам, кечирим сурайм. Мыйзамды сыйлаган айрым таза адамдар да мен үчүн катуу сындарды, ачуу кептерди угуп калышты. Алардан да чын жүрөктөн кечирим сурайм. Пенде болгон соң ак-кара ортосунда жүрөт экенбиз. Билип-билбей кылган күнөөм үчүн Жараткандан да кечирим сурайм.
Менин ар намысымды тебелеп, акараат келтиргендерге да таарынычым жок. Аларды да кечирем. Туура жыйынтык чыгарууга аракет кылам. Эл-журтума колдон келген ак кызматымды арнай берем.
Мени колдоп, жылуу пикир айткан замандаштарыма, күйөрмандарыма элибиз сыйлаган аттуу-баштуу ага-эжелериме терең ыраазымын. Сиздерден Алла ыраазы болсун».

Get real time updates directly on you device, subscribe now.