Автокырсыкка кабылган ырчы Анжеликага тез арада операция жасалды. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалымат кызматынан кабарлашты.
«Ырчы кечээ, 23-январда кечинде саат 21:00-22:00 аралыгында ооруканага келип түшкөн. Бүгүн эртең менен тез арада анын омурткаларына операция жасалды. Операцияны Сабырбек Жумабеков жасады. Учурда ырчы наркоздон ойгоно элек«, — дешти маалымат кызматынан.
Буга чейин ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы маалымдалган. Буга чейин Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан кырсык тууралуу маалымат беришкен.
Супер кж