ЖЕР ҮЙ ЖАНА АЙБЕК МЫРЗА ТУУРАЛУУ УЧКАЙ КЕП

0

Калыстык үчүн!

ФБ га күнүгө кире бербейм, эми минтип Айбек Мырзаны каралоого өтүшүптүр. 90-жылдан бери саясатка сарасеп салып келген адам катары Айбектин Жер Үй кенин бир беткей жабылсын деп айтканын уга элекмин!Кеп башынан болсун, Кыргызстандагы баардык ызы-чуунун баары Көбөш Атамбаевге (АША) барып такалат эмеспи. Россияга кыргызгазды 1$ сатып, борборубуздагы стратегиялык мааниге ээ, жалгыз эл аралык Манас аэропортубузду ошол эле Россиянын Росснефттисине кайта кайта сатам деп сата албай койду! Кезек Жер Үйгө келгенде 100 миллион долларга саттым деп айтып жүрдү. Башында Жер Үй кенинин ачылышына аралашып калган

Базарбай Мамбетов агабыз «Жер Үй кени 300 миллион долларга сүйлөшүлгөн болучу, кийин Россиялыктардан калган 200 миллиону эмне болду десем Атамбаевиңерден сурап алгыла»деп койду дегенин ушул ФБ дан окудум эле. Эми бул айтылган жазылган кептерди, түзүлгөн келишимдерди жаңы шайланып келген президентибиз текшертип аныгына чыгар.Эми Айбек Мырзаны кеп кылсак, мен билгенден Жер үй кенинде кыргыз мамлекетинин үлүшү болуш керек, экологоя жана хвостохранилише кандай курулганын текшериш керек деп айтып жана коомдук иш чараларды өзү уюштуруп келди! Буйрук экен эми минтип өзү Таласка губернатор болуп дайындалып иштеп жатат! Айбектин Талас облусу эле эмес мамлекеттик деңгээлдеги ишмер жана тартып кете алаарын тарых өзү тастыктап келе жатат. Ошол эле референдумду элге алып чыгуу, курултай маселеси, «эл бийлиги элге, эл байлыгы элге»урааны бири Садыр Жапаров камакта жатса, бири Айбек Мырза сурак берип куугунтукта жүрсө дагы идеялаш болуп, акыры кудай буйруп ишке ашып жатат! Кичи мекеним Талас болгондон кийин мен да таластык туугандарыма кайрылып кетет элем, Жер Үй кенинен үлүш алалы деген бычака сап жигитиңердин колуна кол, бутуна бут болуп жардам берсеңер утуш Талас элинин эле эмес мүлдө кыргыз элиники болот. Губернаторуңар Айбек сөзүнөн кайтпай өзү баш болуп үлүш алалы деп турганда Талас элинен колдоо кана керек. Айбек айткан жаңы маданиятты киргизгиле, керек болсо Путинге кайрылуу жасап же кандайдыр бир флешмобторду өткөргүлө.Жаңы шайланган президентибиз Садыр Жапаров инауграциясы бүтүп ишке киришсе эртели кеч, Россиянын президенти Путин жана «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери менен Жер үй бойунча оор сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүнө баарыбыздын эле акылыбыз жетип турат, жардамыда тийип калаар беле!

ДАНИЯР БУСУРМАНАЛЫ

Get real time updates directly on you device, subscribe now.