САБИЗ ЖЕСЕҢИЗ ДЕПРЕССИЯДАН АРЫЛАСЫЗ!

0


Адам качан депрессияга кабылганда агрессивдүү, эч нерсеге көңү чаппай калат. Ошол эле учурда өзү жалгыз калганды жактырат. Өзгөчө адам бир адамды жоготкондо же травма алганда, аялдар төрөттөн кийин кабылат. Айрым учурда себепсиз эле кабылгандар дагы көп.

Депрессияга кабылган адамдын жашоого болгон кызыгы жок болуп, өзүнүн оюн айткысы келбей калат. Ал эми бул учурда төмөнкү азыктар сизге жардамга келет.

Банан

Банан жемиши депрессия менен күрөшүүгө жардам берет. Ал үчүн күнүгө бир даана банан жегенди адатка айлантыңыз.

Сабиз

Күнүнө 100-200 грамм сабиз жеп, бир стакан сабиз ширесин ичсеңиз дагы депрессиянын алдын алат.

Жалбыз

Бир аш кашык жалбызды, бир стакан сууга салып беш мүнөт кайнатып аласыз. Беш мүнөттөн соң, ал муздаганды сүлгүдөн өткөрүп алып, даяр суусундукту эртең менен жана кечинде ичүү сунушталат.

Заман кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.