Ошол түнү боздоп ыйлап чыктым…

0

Социалдык баракчасына ар дайым кызыктуу баяндарды жарыялаган Сулайман ажы кезектегисин жарыялады.

Бир, жашоодо болгон окуя мындай баяндалат: «Бир жерде жол кырсыгы болду. Тез жардам машинасы жана айланасында көптөгөн адамдар топтолуп турушту. Унаадан болжол менен 25-26 жаштардагы өспүрүм жигитти чыгарып алышты. Ал кара канга чыланып, денеси эзилип кеткен, буту болсо денесинен ажырап калыптыр. Ал чыңырып, кыйкырып, калтырап-какшап жатты. Бир убакта ал агасына карап: — Өлгүм келбей жатат… Мухаммед (ага)! Мухаммед, мен намаз окубайт элем-го, Валлохи (Аллага ант), өлүштү каалабайм. Коркуп жатам… Өлгүм келбейт! Майып болуп, шал болуп, өмүр бою баса албай калсам да мейли, ыраазымын. Эми намаз окуйм. Майыптыкка, шал бойдон калсам да, баарына ыраазымын. Бирок өлүштү каалабайм!” Эл кыйла чогулуп калган, мен да ошол эл арасында турат элем. Карап, көрүп турам, аябай коркуп жаттым.Акыйкатта оңой эмес, коркунучтуу абал!.. Жанагы баладан дагы эле кан агып жатат, эч токтобой жатты. Каны түгөнүп, акпай калганга чейин… Анын өңү барган сайын көгөрө баштады. Жанындагы агасы болсо жалынып-жалбарып: «Иним, келимени айт, айтчы, суранам, келиме келтиргин», — деп тынбай жалбаруу менен убара эле… Жигит токтобой кыйкырып, чыңырып, өзүн жоготуп койгон, сөз менен айтып жеткире алгыс абалда эле. Келиме айтуу бул жакта турсун атүгүл түшүнө турган бир сөз айтканга чамасы жок эле… Бир убакта: анын руху чыгып кетти окшойт, тынчтанып – жым болуп калды. Кыймылдабай калды. Ооба, ал көз жумду. Дарыгерлер анын денесин атайын керебетке жаткырып, бетин жаап коюшту. Андан кийин анын айланасындагылар көңүл айтышып: — Колубуздан эч нерсе келбеди. Көп кан жоготкону жана сыныктары көп болгондугу үчүн, аны сактап калуунун айласы болбоду, — деп капалуу абалда көңүл айтышты. Ошондо мен биринчи жолу адамдын өлүп жатканын өз көздөрүм менен көрдүм. Ал жада калса күбөлүк келимесин да айта алган жок. Өлүм күтүлбөгөн жерден келет. Парз жана милдеттенмелерибизди калтырбашыбыз, эч качан шалаакылык кылбашыбыз керек. Сөздүн ачыгы да ушул: Качан өлөрүбүздү эч кимибиз билбейбиз. Ошол түнү мен такыр уктай албадым. Кудум жаш баладай боздоп, ыйлап чыктым… Негизи билем го бирок, мына бул сөздөр эч кулагымдан кетпей койду: «Валлохи (Аллахка касам), намаз окуймун. Өлбөйүн сөзсүз окуйм! Сөз берем, өлбөй калсам болду окуйм…” Ооба, бул орунда менин пикирлеримин кажети жок. Бирок, мен сизден бир нерсени сурайын дедим эле:»Ар күнү кудум акыркы күнүңүздү жашап жаткандай чын ыкластан, ыймандуу, такыбадар пенделерден болууну максат кылыңыз. Ошондо намаздарыбызды корккон абалда окуйбуз.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.