Кыргызстанда жаңы шаар пайда болот

0

Базар-Коргондун борборун шаарга айлантуу боюнча маселе буга чейин Жогорку Кеңеште талкууланган. Жаңы түзүлгөн калаада жалпысынан 58 842 киши жашайт.

Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган мыйзам 20-январда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

«Бул мыйзам менен Базар-Коргон айыл аймагындагы Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда», — деп жазылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Базар-Коргондун борборун шаарга айлантуу боюнча маселе буга чейин Жогорку Кеңеште талкууланган. Жаңы түзүлгөн шаарда жалпысынан 58 842 киши жашайт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.