Президентпи же элдин кулубу?

0

Учурда өз кызыкчылыгын коргобогон кыргыз элине күн-түндү билбей кызмат кыла турган эл уулу керек. “Кыргыздар, кызмат кылып берем” деген уул-кыздарыбызды падыша, ажо деп жасакерленбей эле “элдин кулу” (“слуга народа”) деп атасак да жарашат! Мүмкүн ошондо элге кызмат кылып берүүгө чыныгы азаматтарыбыз баш көтөрүшөт беле? Бул сунуш боюнча белгилүү инсандарыбызга суроо узаттык.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, коомдук ишмер:

— Өзү ошондой эле болуу керек. Биз, кыргыздар жасакерлик кылып эле көкөлөтүп жиберип, көптүрүп коюп жатпайбызбы! Анан тиги байкушту таш менен уруп кубалап жүрөбүз. Азыркы заманда президент деген кулдай иштеп, элдин жүгүн аркалаш керек. Ансыз деле өлкөбүздү мурдагы президент болумуштар биротоло талкалап, талап-тоноп жеп кетишти!

…Бирок, жогорудагы терминге кайрылсак, мен “элдин кулу” деген түшүнүктү түз кабыл ала албайм. Мааниси боюнча ошондойдур. Ооба, карапайым эл үчүн кулдай иштеп, демек күнү-түнү эмгектенип дегендей кабыл алсак болот. Ошентсе дагы ар бир кызматтын элге жуга турган аталышы бар эмеспи. Элдин лидерин “президент” деп эле атай берели. Анан калса, кээ бир жагымпоздорду туурап “ажо” же “падыша” дегенибиз дагы осолдук. XXI кылымда андай аталыштар орунсуз. Кошуна элдер катары эле жашайлычы. Башка маселе – жаңы шайланган президентибиз адилет эмгектенип, өзүнүн элине ак кызмат кылып берсе болгону!

Ленара НИЯЗБЕКОВА, коомдук ишмер:

— Жаңы шайланган президентибиз акжолтой болуп, элине, жерине күйүмдүү,  адамдык эрк, абийир, мээрим, каармандык берсин ылайым!

 Албетте, бийликке келген адамдарды болсо да, болбосо да мактап-жактап атып, өзүбүз жолдон нечен жолу чыгардык. Кыргызда жакшы сөз бар: “Жандооч кийик аттырат” же “Вазир жакшы – хан жакшы” деген. Бүгүн бийлик бутагында тургандарды Конституцияда кандай аталса, ошондой атоо максатка ылайык. Ар ким оюна келген аталыш менен атай берүүсүнүн өзү Конституцияга карама-каршы аракет. Азыр баардык бийлик бутактарында жетекчилерди “шеф” деп атап, өтө чоң ката кетирип жатышат. “Шеф” деген сайын алар мамлекеттик бийликти атасынан калган мурас катары кабылдоодо.

Бекташ ШАМШИЕВ, журналист:

— Антпей эле “президент”, “премьер-министр”, “аким”, “облаким”, “айыл өкмөт” деп эле өз аты менен атаган туура го… Ажо, президент эмес, король, падыша, император деле ошондой. Чыныгы иштеп бере турган мекенчил кыргыз уулдарын кандай атабайлы, эл үчүн маңдай терин төгөт.

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ, тарыхчы:

— “Элдин кулу” деп атоо өтө одоно болуп калат. “Журт башы” же “президент” деп атаганыбыз эле жакшы го…

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Get real time updates directly on you device, subscribe now.