Садыр Жапаров Москвада белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду.

0

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 1 мүнөт эскерүү менен таазим кылып, андан соң оркестр Кыргызстандын гимнин жаңыртты.

Делегация мүчөлөрү дагы белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.