Айзаданы өлтүргөн Замирбек Теңизбаев 2019-жылы башка эки кызга кордук көргөзгөн

0

27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаевдин үстүнөн 2 жыл мурда Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына 1991-жылы Ош облусунда төрөлгөн Айгүл (ред.-аты өзгөртүлдү) арыз жазып, кайрылган. Ал иш тосмо арыздын негизинде милиция тарабынан жабылган.

Бул тууралуу Айгүл «Азаттыкка» берген эксклюзивдүү интервьюсунда билдирди.

Азыр Айгүл Орусияда эмгек мигранты катары иштеп, жашап жүрөт.

«Мени да муунтуп, «өлтүрөм» деп коркуткан. Анан мен милицияга барып, арыз жазгам. Милиция кызматкерлери карашкан эмес», — деп жазылат анын кайрылуусунда.

Ушундан кийин «Азаттыктын» кабарчылары Айгүл менен байланышып, интервью алып, окуянын чоо-жайын иликтеди.

Азыркы тапта Москвада иштеп жүргөн Айгүл 2019-жылдын май айында Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичирайонундагы квартиралардын бирине курбу кызына барган. Ошол жерден ал күтүлбөгөн жагдайда Замирбек Теңизбаев менен кездешкен жана анын кордугун көргөн.

Замирбек өзүн «Зайнал» деп тааныштырган жана ошол түнү түн бою ага кордук көргөзүп, муунтуп, кол салганын «Азаттыкка» баяндап берди.

«Бул бала менен жеке тааныштыгым жок. Зайнал деп уккам, -деди Айгүл. — Курбу кызымдын үйүнө конокко баргам. Үйдө курбумдун сиңдиси менен отурганбыз. Кечинде курбум кызуу болуп келди. Мен аны жуунтуп жаткырып койдум. Анан эле бирөө анын артынан эшикти такылдатып, үйгө кирүүгө аракет кылды. Мен чочулап каалганы ачпай койгом. Болбой эле эркек киши эшикти жулуп кирип, дароо эле мени муунтту. «Өлтүрөм сени, рожаң противный, 5-этаждан ыргытып жиберем» деп балконго алып чыгып коркутту. Орозо маалы болчу, Бишкекте ШОСтун (ШКУнун) саммити өтүп жаткан. Курбум эч нерсе сезбей уктап жатты. Тиги (Зайнал — Замирбек) анын сиңдисине да асылып, аны да коркута баштады. «Бул эч нерсени түшүнбөйт экен, оорулуу экен» деп өзүмчө жыйынтык чыгарып, алдап-соолаганга аракет кылдым. Мени муунтуп, мойнумдагы алтын чынжырымды үзүп, алтын менен телефондорума чуркап, аракет жасады… Мен араң өзүмө келдим. «Жакшынакай бала экенсиң, эмнеге минтип жатасың? Кайсы жактан болосуң, Алайдан болсоң, жердеш турбайбызбы», деп алдап, аны тиги курбумдун жанына жаткырып койгом. Ошондо саат түнкү 3-4 болчу. Аны менен эки сааттай кармаштык».

Айгүл ошол замат милиция чакырганга аракет кылган, бирок, ал ошол эле маалда «милиция жеткиче өлтүрүп коёт го» деп чочулаган. Эртеси эртең менен милиция чакырган. Бирок, Зайнал-Замирбек кандай себептерден улам бошонуп кетип, татыктуу өз жазасын албай калганын эмдигиче түшүнбөйт. Айгүл сөзүн андан ары минтип улантты:

«»Милицияга чалам» десем ал мени огобетер жинденип муунткан. Жарым сааттай муунтуп, коркутуп, эрмектеп жатты. Мени муунтуп жатканын курбумдун сиңдиси телефонго видеого тартып алыптыр. Анан ал уктаганда, тааныш балага телефондон жаздым. Ал «милицияга арыз жаз» деди дароо. Эртең менен турганда карасам, уктап жатыптыр. Ошол жерден аны сүрөткө тартып алдым да милиция чакырдым. «Бул бир күнү бирөөнү өлтүрүп коёт» деп эле жаттым. Милиция келген. Мен ары жагын түшүнбөйм. Эшиктен качып кеткенби, же аны кармашкан эмеспи, же коё берип коюшканбы — белгисиз. Бишкектин Октябрь РИИБүнө барып арыз жаздым. Соттук-медициналык экспертизадан өттүм. Тергөөчүлөр мени шылдыңдап коюшту. «Сен өзүң себепкерсиң. Бул айып пул төлөп коёт. Кармалса, 1-2 айга эле камалат» деп ар нерсени айтышты. Аябай көңүлкош мамиле кылып коюшту. Абдан ыза болдум. Өзүм шок болуп жүрөм. Моюнумдун баары кызыл ала так болгон. Ошондон кийин бир-эки айдын ичинде эле Москвага кетип калдым».

Айгүл Айзада Канатбекова өзүнө жана курбу кызына окшоп Замирбек Теңизбаевден кордук көрүп, качып жүрүп, акыры анын курмандыгы болду деген терең ишенимде:

«Азыр «кызды (Айзаданы) ала качкан, экөө сүйлөшүп жүргөн экен», — деп кеп чыгарып жатышпайбы. Андай эмес! «Зайнал-Замирбек оорулуу адам болчу», — дейт маектешибиз.

Айгүл ошондой эле ошол 2019-жылдын майында эле Замирбек Теңизбаевдин коркунучтуу адам экендигин милиция кызматкерлерине жандалбастап айтып, аларга эскерткенин эскерет:

«Тергөөчүлөргө айткам — «Бул оорулуу адам, карагыла муну, издеп тапкыла! Бүгүн мени муунтса, эртен бирөөнү өлтүрөт! Силер адам өлгөндө карайсыңарбы?» десем, милиционерлер «Сени өлтүргөн жок да» деп кайра шылдыңдап жатышпайбы… Ошондо «Силер карабасаңар, бул бир күнү бирөөнү өлтүрүп коёт» дегем… Кийин ошол 2019-жылы мен Москвада жүргөндө курбум чалды — «Тергөөчүлөр чалып жатышат. Эмне кылайын? Мен азыр жолдошум менен элдешип жатам, үй-бүлөмдө көйгөй чыкпасын» деп калды. Мен «Эгер кааласаң, тосмо арыз жаз» деп уруксат бердим. Эгерде, архивдерди чукуп чыкса бул маалыматтардын баары (милицияда) бар. Бирок, тергөөчүлөрдүн аты-жөнү эсимде жок», — деди Айгүл.

Быйыл 5-апрелде 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө алып келген каргашалуу окуядан кийин маектешибиз Айгүл Замирбек Теңизбаевди таанып, Бишкектеги курбусуна байланышып, аны менен сүйлөшкөн:

«Курбум мага эми гана Замирбектин кылык-жоруктарын айтып жатпайбы — «Мени үч жолу зордуктаган. Кудайдан «өлүп калса экен» деп тилечүмүн. Мени коркутчу. Коркконуман сага эч нерсе айткан эмесмин» деп жатпайбы… Зайналдын мурунку аялы – казак, Казакстандан. Эгиз балдары бар экен. Эбак эле ажырашып кеткен экен».

Эки жыл мурда Бишкектин Октябрь райондук милициясына жазылган арыз боюнча иш Айгүлдүн курбу кызынын колу менен жазылган тосмо арыздын негизинде жабылган. Айгүлдүн айтымында буга тергөөчүлөр уруксат беришкен.

Бул тууралуу курбусу Айгүлгө акыркы ирет байланышканда маалымдаган.

«Тосмо арызды сенин атыңдан жазып бергем. Ошол жердеги тергөөчүлөр «досуңуз жок болсо, анын атынан деле жазып коё берсеңиз болот» дегенин курбум айтып берди», — дейт Айгүл.

Ушул интервьюдан кийин «Азаттыктын» Кыргызстандагы бюросунун кызматкерлери Бишкектин Октябрь райондук милициясына 2019-жылдын май айындагы окуя боюнча кайрылышты.

Айгүлдүн атынан «Зайнал» аттуу адамдын үстүнөн жазылган арыз, анын негизинде Замирбек Теңизбаевди суракка алуу протоколу, кийин тосмо арыздын негизинде иштин жабылганы тастыкталды.

Булак Азаттык

Get real time updates directly on you device, subscribe now.