Айзуура Иманалиева: “Атам бул күнү өзгөчө нурдуу көрүндү… Акыркы көрүшүү”

0

Кыргыз элинин белгилүү төкмө акыны Элмирбек Иманалиевдин бул дүйнө менен кош айтышканына кечээ, 20-апрелде бир жыл болду. Акындын кызы Айзуура Иманалиева атасы менен болгон акыркы сүрөтүн коюп, аны эскерди:
«Атам бул күнү өзгөчө нурдуу көрүндү… Улам ага тийишип, “ата, кычырайсыз го, жашарып дагы кетиптирсиз” десем, уялгансып күлүп коёт. Абдан суктанып, көпкө чейин көзүмдү албай карап, ЭЛМИРБЕК деген атанын кызы болгонума дагы бир жолу сыймыктана түштүм…
Мелекти бешикке салмай ырымын кылып, батасын берип кетмей болушту.
“Макул, жакшы тургула, ээ” деп неберелерин өөп-жыттап, бизди унутуп эле кетип бара жатат… Аябай кызганып кеттим эмнегедир, “ата, неберелериңизди го өптүңүз, а эмне кызыңызды деле өөп койсоңуз болбойбу?” деп айта салдым. Күлүп келип эле бетимден сүйдү… Бул биздин акыркы көрүшүү… акыркы коштошуу…
Атамдын кыз небереси менен түшкөн биринчи жана акыркы сүрөтү…
Бир жыл өттү… Мен үчүн “эскерүү” деген сөздүн канчалык оор экенин айтып бере албайм. Анткени, алар менин жүрөгүмдө ар дайым тирүү…» деп жазган ал.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.