АЛА КАЧЫП БАРА ЖАТКАН КЫЗДЫ ТАЛААГА ТАШТАП КЕТИШТИ

0

Жалал-Абад шаарында никеге туруу максатында ала качып бара жатканда кызды каршылык көрсөткөндөн улам аны талаага таштап кетишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБдин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-апрель күнү саат 21:30дар чамасында Сузак районунун Живпром айылында 2003-жылы туулган А.Н. үйүнүн алдынан өзүнө чала тааныш болгон “Бека” аттуу бала үч шериги менен биргеликте күч колдонуп, Деу-Матиз үлгүсүндөгү автоунаага салышып, никеге туруу максатында ала качып бара жатышып, Жалал-Абад шаарынын Дача участкасына жеткенде кыздын каршылык көрсөткөнүнөн улам аны талаага таштап, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча топтолгон материал Сузак РИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 175-беренесинин (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кечиктирилгис түрдө ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Берилген тергөө тапшырмаларынын негизинде кылмышка шектүү атуулдар аныкталып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.