Апам метродон боюмду таштайм деп жүрөктүн үшүн алды

0
Бүгүн биз менен жашаган Адилет Кыргызстанга кетет, аябай сүйүнүп алган анткени атасына машине алды. Москвага жаңы келгенде эле, машина алам десе күлгөнбүз. Көрсө ийгилике жетиш үчүн, алдыга максат койуш керек тура. Өзүмдүн кылганыма, апамдын жүрөгүн оорутканыма аябай өкүнүп жүрөм. Жети жыл мурун Москвага келдим, жумуш дароо табылып иштеп кеттим. Суши жасаган жерге 45миң айлык алам, отуз миңден үйгө салам. Үйдүн керегине жакшы эле жарап жатты, апам мугалим, атам таксиге чыгат, карындашым окуйт контрагын төгүш керек. Бир жыл болуп үйгө бардым, келе жатып самалеттон Миргүл аттуу кыз менен тааныштым. Күндө жолугабыз үйгө салчу акчам азая баштады, бир жолу 5миң эле салдым. Апам карындашымдын окуусуна акча керек десе » менин атым акчабы?» — деп уруша кеттим. Ошо бойдон акча да салбай, чалбай да койдум. Миргүл экөөбүз жашап алдык тапканым батир менен эле өзүбүзгө кетет. Кыздуу болдум, апам чалсын деп айттырса да чалбайм, азыр ойлосом кандай гана акмак болгон экенмин. Кайын журтума жетим баладай болуп экөөбүз барып келдик. Кызымды кайненем багып берем деп алып калды. Кайра келип иштеп жүрдүк, үйдөн кабар албайм. Классташым да Москвада ошол  «апаң да биякта иштеп жүрөт» деп. Көрсө апам менин азабыман иштеп келем деп келиптир. Сураштырып отуруп таап келиптир. Апам болор иш болду үйгө баргыла десе, болбой көгөрөм. Апам ошондо жини менен «мен анда өзүмдү метродон таштайм керек болсом, өлүгүмдү сүйрөп алып барасың, керек эмес болсом салып ий» деп төбө чачымды тик тургузду. Айла жок макул болдук. Апам биринчи кетти бир айдан кийин бармай болдук. Бизди келет деп ремонт баштап алышса карындашымды ала качып кетишип ачуу басар келип аябай жүдөп атышыптыр. Экөөбүз жупуну эле кийинип бир тыйын акчабыз жок бардык.  Душман көзүнө деп апам биринчи экөөбүздү кийинтти. Ошондо үйдөгүнү көрүп жаман зээним кейиди. Апам орустун кемпирин багып, кыялына чыдап, тапкан акчасын жеткире албай ары бери чойуп убараланса жаман болдум. Колумда акча болуп турганда ары бери басып эле жок кылыптырмын. Азыр иним окуйт аны окутам деп келип иштеп жүрөт. Колумда болуп калса берип койом. Биз жашаган жерде апам курактуу эже бар, орозодо баласы карантинге байланыштуу келе албаса да эки баштык, даамду тамактарды, жер жемиштерди берип ийиптир. Эже аябай сүйүнүп мактанып чогуу отуруп жедик. Эже аябай ыраазы болду. Айт күнү келин уулу сонун жоолук, таттууларды алып келип кетишти. «Келиниңиз жакшы тура» деп мактап жатышты чогуу жашагандар. Аны көрүп мен ушундай кылсам болбойт беле деп калдым. Эже да сүйүнүп, «келин жакшы болсо, өз уулуңду кайра баштан төрөйсүң, келин жаман болсо, өз уулуңа өгөйсүң» — деди. Чын эле мен жакшы көрүп алган Миргүл деле апамды деле сурабайт, барып койолу дебейт. Мен эми өзүм кетирген катамдан сабак ала баштадым. Мурда балким жаш болчумун, эми түшүнүп калдым. Апам менден сурабайт бир тыйын бербейсиң деп да таарынбайт. Өзү эптеп жашап кетсин дейт окшойт. Мен кетирген катама апамдан кечирим сурай албай жүрөм, күнөөмдү кантип жууйм. Кечир мени апакебай! Мен сизге карыздармын… Румо

Get real time updates directly on you device, subscribe now.