Апасына болушкан. Ак-Ордодо 16 жаштагы өспүрүм өгөй атасын бычак менен сайып жиберди

0

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 16 жаштагы өспүрүм бала апасын урганы үчүн ага болушуп, өгөй атасын бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү болжол менен саат 23:30 чамасында 102 кызматына Улуттук хирургия борборуна бычактан жаракат алган жаран келип түшкөнү тууралуу маалымат келген.

«Такталгандай, 11-апрелде Ак-Ордо конушундагы турак үйдүн ичинен 2004-жылы туулган М.Т. аттуу өспүрүм апасына кол көтөргөнү үчүн ачууланып, өгөй атасынын көкүрөгүнө, курсагына жана сол ийнине бычак менен сайганы аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене («ден соолукка оор зыян келтирүү») менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш изи сууй электе туугандарынын үйүндө жүргөн жеринен 16 жаштагы бала кармалып, тергөө камагына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти Ленин райондук милициясынан.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.