Аялдар конгресси Чынара Мамажакыповага жакшы пикирин жолдоду

0

Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева «Аярзат» коомдук уюмунун төрайымы Чынара Мамажакыпова тууралуу жакшы пикирин жолдоду.

«Кымбаттуу Чынара Мамажакыпова айым сизге аялдар конгрессинин атынан жакшы тилектерди  жолдогубуз келип турат. Сиздин эл үчүн жасаган кайрымдуулугуңуз, эл үчүн уюштурган ишкерлигиңиз, эл үчүн иштеген «Аярзат» коомдук уюмуңуз бүт баары  сиздин эң бийик сапатыңызды айгинелейт. Биз   кыргыздын мыкты айымдарынын көчүн  улаган мекенчил, кайрымдуу сиздей айым менен сыймыктанабыз. Сизге ийгилик каалайбыз. Сиздин жашоого болгон позицияңыз, интелектуалдык потенциалыңыз өтө бийик деңгээлде.Жаштарга өрнөк боло турган өмүрдү сүрүп жатасыз. Ар бир жасаган кайрымдуулук кадамдарыңыз жашоого болгон позицияңыз кыргыз кыздарына болгон сыйды,сыймыкты ойготот.

Аялзаты катары өзүңүздү алып жүрүүңүз айрым учурда Ани Лоракты эске салат. Жасаган иштери үлгү болгон сизге мындан ары да ийгиликтерди жолдойбуз. Мыкты иштериңиз ийгиликтериңиз али алдыда демекчибиз.»

 

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.