Баткен эли мекендештер жана дүйнө коомчулугуна ыраазычылыгын билдиришти

0

Баткен эли колдоо көрсөткөн мекендештерге жана дүйнө коомчулугуна ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө Баткен элинин кайрылуусу толугу менен:

«Баткен элинин башына түшкөн оор кырдаалга кайдыгер карабай, чын дилден көрсөткөн жардамыңыздар үчүн, ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз.

Кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларга байланыштуу, “Баткен облусунда ондогон өмүрлөр кыйылып, жүздөгөн жарандар жараат алып, жүздөгөн үй-бүлөлөр турак жайсыз калды” деген кабарды, ар бир мекендешибиз оор жоготуу катары кабыл алганын сезип турабыз.

Мындан улам, кайрымдуу инсандар тарабынан “Баткен биз сени менен” деген ураан аркылуу, моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү иштери ыкчам жана аябай активдүү уюштурулуп жатат.

Кыргыз эли ынтымагын, биримдигин жана берешендигин дагы бир ирет далилдеди.
Бул күндөрү бизге өлкө аймагынан эле эмес, дүйнө коомчулугунан да жардамдар келип жатат.

Жалпы облус элинин атынан, жардам колун сунган ар бир жаранга терең ыраазычылык бидиребиз. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун.»

Get real time updates directly on you device, subscribe now.