Бишкек жана Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушталды

0

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну демилге кылды.

Депутат бул сунушун жыйынга катышып отурган Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматовго жолдоп, аталган калааларда шайлоо таза өтпөгөнүн, ат салышкан партиялар добуш сатып алган фактылар көп болгонун айтты.

«Алдыда келаткан парламенттик шайлоо мурдагыдан да ыплас болот. Аны болтурбоонун жолу — Бишкек жана Ош шаарындагы шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгаруу. Ошондо гана адилеттүүлүк болуп, олигархтар ойлонот, ошондо гана акчасына эмес, элине ишенет», — деди Осмонов.

Анын алдында дагы бир депутат Аккулу Бердиев да добуш сатып алган фактылар болгонун белгилеп, Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну айтты.

11-апрелде Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо добуш сатып алуу талашына байланыштуу Кыргызстан элдик демократиялык партиясы марага жетип келгенине карабай, шайлоодон четтетилди. Ош шаарында добуш сатып фактыларга байланыштуу талаш жаралып, чыр азыркыга чейин уланууда.

Токмок шаарында жарандардын жапырт каттоого туруу фактысынан улам шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо добуш сатып алуу жана башка мыйзамсыздыктарга нааразы болгондордун митинги калайман тополоңго айланып, бийликтин алмашуусу менен аяктаган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.