Чехиянын эң бай адамы кырсыктан каза тапты

0

27-мартта АКШнын Аляска штатындагы тоолордо тик учак кыйрап, анын ичиндеги Чехиянын эң бай ишкери Петр Келлнер каза тапты.

Бул тууралуу Чехиянын PPF финансалык тобунун 29-марттагы билдирүүсүндө жарыяланды.

Маалыматта жазылганга караганда тик учак кыйрап, 5 адам каза тапкан. Эми окуянын жагдайлары иликтене турганы белгиленди.

Аляска штатынын аскер адамдары жүргүнчүлөр арасынан тирүү калган бирөөсүнүн абалы өтө оор, бирок, туруктуу экенин билдиришкен. АКШнын маалымдоо каражаттары тик учак саякаттап учуп жүрүп, Аляскадагы Кник мөңгүсүнө жакын жерге кулап түшкөнүн жазышты.

Эл аралык Forbes журналынын версиясы боюнча 56 жаштагы Петр Келлнердин байлыгы 52 миллиард долларга бааланып, дүйнөдө 68-орунда деп табылган. Ал өзүнүн бизнесин көчүрмө машиналарды сатуудан баштап, PPF Group деген инвестициялык компанияны түптөгөн.

Бул компания АКШда, Чыгыш Европада, Кытайда, Орусияда жана Борбор Азияда телекоммуникация тармагына инвестиция салган.

Чех маалымат каражаттары Петр Келлнер пандемиядан жабыркаган мамлекеттерге тесттерди, беткаптарды жана башка жабдууларды сатып алууга миллиондогон евро жардам бергенин белгилешти.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.