Эртең, 15-апрелде, Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында суу өчүрүлөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ичүүчү суунун үзгүлтүккө учурашы «Батыш-2» суу кампасындагы оңдоо иштерине жана суу түтүктөрүн жайкы мезгилге даярдоого байланыштуу экени айтылат.
Төмөнкү көчөлөрдө саат 09:00дөн 21:00гө чейин суу берилбейт:
Жибек Жолу, Манас проспектилеринин бир бөлүгү, темир жол линиясы жана Ала-Арча дарыясы;
Махатма Ганди көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин;
Журнальная көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Күрөңкеев, Мичурин көчөсүнө чейин;
Ала-Арча дарыясынын Осташовкская, Москва жана Ден Сяопин көчөлөрү тарапта;
«Бишкек суу канал» ишканасы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды алдын ала таза суу камдап алууга чакырат.