Индияда стадиондо 1500дөн ашуун көрүүчү отурган трибуна урады

0

Индиянын түштүк тарабында жайгашкан Сурьяпет шаарындагы стадиондо трибуна урап, көрүүчүлөр жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, жаңы курулган стадиондо каббади оюнунун улуттук чемпиондугунун ачылыш аземине 1500дөн ашуун көрүүчү келген.

Кырсыктан каза болгондор катталган эмес, бирок 100гө жакын адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Жабырлануучулар дароо куткарылып, жакынкы ооруканаларга жеткирилген.

Ошондой эле стадионго көп киши келери күтүлбөгөндүгү айтылган. «Трибуна жыгачтан жасалгандыктан салмакты көтөрө албай калган болушу ыктымал. Кырсыктын келип чыгуу себептери тыкыр изилденет», — деп жазылган маалыматта.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.