Көчөдө табылган баланын апасы даараткананын жанында унутуп кеткен

0

Бишкекте ата-энеси табылбай жаткан 2 жашар бала балдар үйүнө жайгаштырылды. Бул тууралуу Октябрь
РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери дагы деле баланын жакындарын издеп жатышат.
Ап эми Инстаграмдагы Мїаск_їзї_кд баракчасында төмөнкүдөй билдирүү тарады.

«Саламатсыздарбы! Баламды тапканыңар үчүн рахмат. Кызым экөөбүз дааратканага келгенбиз, бирок ал жерге
тыюу салынгандыктан андан ары кетип, унутуп калыптырбыз. Эртең баламды алып кетем. Биринчи кезекте
Октябрь РИИБине рахмат. Аларга байланышканда документин алып келип көрсөтүп анан алып кеткиле

деди», — деп жазылат билдирүүдө.

Ап эми Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан баланын ата-энеси дагы деле табыла электигин айтып,
жогорудагы жазылган билдирүү боюнча милиция кызматкерлерине эч ким байланышпаганын билдиришти.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.