Карындашымды күйөөгө узатып жатканда сулуу, дени сак кыз эле, эмичи?..

0

Үч бир туугандын улуусумун, иним менен карындашым бар. 33 жаштын тамагын жеп жатам. Кандай гана болбосун бир туугандар ар дайым бири-бирин тиреп туруш керек деп ойлойм. Айрыкча коомубуз мындай болуп жатканда,эже- карындаштарыбыз көңүл бурууга, колдоого муктаж.

Карындашымды “бактылуу жашап жүрөт”деп анчейин маани берген эмесмин. “Үч баласы бар, күйөөсү иштейт, демек, баары сонун”дегем. Колума талма оорусуна чалдыккан карындашым келип түшкөндө,жаңылганымды билдим. Карындашымды күйөөгө узатып жатканда сулуу, алты саны аман, дени сак кыз эле, азыр көздөрү муңдуу, коркок, өз оюн айта албаган тартынчаак бирөөгө айланыптыр.

Күйөө баламдын корс, аялын түрдүү сөздөр менен жемелеп кордогонун билерим менен үйүнө барып, карындашымды капа кылбоосун сурандым. «Ооба, ооба» деп башын ийкеген менен сөзүнө турбады. Бир күнү карындашым чалды:

—Байке, үйүңүзгө барсам болобу?

—Албетте, кел. Каалайсыңбы машина мененалып кетем?

—Ооба..

Трубканы коёрум менен муштумду бекем түйдүм. Карындашымдын үнү жүрөгүмдү ыйлатты. Үйүмө уруксат сурап анан келип жатканы ачуумду келтирди. «Сен үчүн эшигим ачык!»деп бакыргым келди. Аттиң, анте албадым. Машинемди от алдырдым.

«Үйүмө кетем деп жатат, кете берсин!»Учурашкандын ордуна күйөө балам ушинтип тосуп алды. “Эртең кайра элдешип калса, мамилебиз үзүлбөсүн” деп сабырымды сактаганга аракет жасадым. Болбосо, дене тарбия академиясын бүтүргөм, спорттун чеберимин.

Көп өтпөй күйөөсүнүн басмырлоосунан улам гүлдөй карындашым талма оорусуна чалдыкты. Ошондо карындашымды үйгө алып келип, баарына чекит койдум. Өзүмдүн дагы үч балам бар. Бир үйдө 13 адам туруп калдык. Жашырбайм, кыйын болду. Аны байкаган карындашымдын маанайы түшүп, өзү өскөн үйдүн төрүндө эмес бурчунда отурду. Ошондо аны кучактап алып, “мен сенин бир тууганыңмын. Менден эч нерсе жашырба. Бул үй сенин дагы үйүң” дедим.

Бир канча жыл мурда шаардан бир бөлмөлүү батир алгам. Планым боюнча иним үйлөнсө ошол жакка көчмөкмүн. Үйдөгүлөр менен кеңешип, ошону карындашыма белекке бердим. Балдары менен эч тартынбай кенен жашасын дедим. Жумуш таап берип, ден соолугуна кам көрө баштадым. Балдарына ата катары тарбия берип, жакшы мектепке киргиздим. Көп өтпөй карындашым көңүлү ачыла баштады.

Билесиңерби, көп аялзаты эмне үчүн күйөөсүнүн кордугуна чыдап жүрө берет? Алар кайда барарын билишпейт. Өздөрү чоңойгон үйгө батпайбыз деп ойлошот. Аргасыз кызыл камчыга чыдап жашоого моюн сунушат. Эгер агалары, инилери колдоо көрсөтсө, бир күн ал тозокто турушпайт болчу. Кантип өз бир тууганыңарды коргобойсуңар?

Бүгүнкү күндө карындашыма колуман келген жардамымды берем. Кыйын күндөрдө жалгыз эмес экенин сездирем. Анткени ал менин карындашым!

Баса, баягы батиримди карындашыма бергенден кийин акчам көбөйүп, өзүмө чоң үй сатып алдым. Буюрса, 2-3 бөлмөлүү батир сатып берүүнү пландап жатам.

Байкең сени жакшы көрөт, карындашым!

“Интернет булактарынан”

Get real time updates directly on you device, subscribe now.