Мен келин болуп келген беш жылдан бери ооз ачыруу үчүн экзаменге даярдангандай эле болом

0

Биз бала кезде ооз ачыруу үчүн эт салып, бешбармак кылып, үйдөгү каймак майды койуп эле чакырып ооз ачтырчу элек. Келин болуп келгениме беш жыл болду, беш жылдан бери ооз ачыруу мен үчүн экзаменге даярдангандай эле болот. Кайненем ооз ачканга барып келгенде жаккан тамагын, дасторкондун жасалгасын аябай айтып берет. «Баланчанын келини тың экен минтип жасаптыр, тигинтип жасаптыр» десе мени меелеп эле айтылгандай. Алтынчы күнү биздин үй ооз ачыралы дедик. Кайненем эмне жасаш керек тизмесин жазып жатты. Мен болсо эмне алыш керек экенин айтып интернеттен карап апама көрсөтөм жакса белгилеп койом.

Эки күн мурун  уйдун шыйрагынан уютма жасадым(холодец) . Эртеси санза бышырдым. Таттуу токочум окшошпой эки жолу бышырдым. Беш айлык эмчектеги балам бар, аны кайнатама карматып койом, кайненем жумушта. Бала ыйласа кайнатам «ташта балам ал баланы, жасабай эле кой жетет» деп жини келет. «Ооз ачырбай эле, келиндердин жарышы болду го» дейт. Кайненем күндө жумуштан келе жатып эмне керек ала келет. Ооз ачар күн да келди. Дасторкондо эмне гана жок. Чучук, тоок, балык, самса, салаттын алты түрү. Шириндиктин түрүн сурабай эле кой. Чооң жемиш салынчу идиште түрдүү жемиштер. Кооз кымбат идиштер койулду, кайненем дасторкондун жасалгасы купулуна толуп ыраазы болгону көзүнөн байкалып турду. Ананчы куда тоскондой жасадым. Биринчисине дунгандардыкындай түйүлгөн чучпара карапа идиште бердим, экинчиси быжы болду. Үчүнчү тамак казактардын жыгачтан жасалган сүйрү табагына беш бармак устуканы менен тартылды. Эт желип бүттү. Жыйнап артынан көк чай куюп берип койуп, дарбыз менен коонду интернеттен карап атып кооздоп кескенимди үч табак кылып алып кирдим. Кошуна апа, эжелер мактап жатышты. «Кайнененин камырынан» деп мактай кеткендери да кайненеме жага түштү. Бул бир гана үй-бүлөнүн ооз ачыруу кечи чыгылдырылды. Ал эми куда тосуу, кыз узатуу, маарекелер кандай ысырап менен өтөт. Мен муну менен эмнени айткым келет. Ооз ачыруу бул кудайдын ыраазычылыгы үчүн сооп алыш үчүн болгон амал. Ысырапкорчулук биздин каныбызга сиңип баратат, мунун баары желип кетпейт, баштыктарга да салып беребиз ошондо да канча тамак калат. Сарамжалдуу болгонду үйрөнөлү, ачканы тойгузалы, жокко беришели. Ооз ачырууда сынашпай сыйлашып сооп алалы демекчимин. Өзүңүздүн жеке ойуңуз менен бөлүшө кетиңиз.

Румо

Get real time updates directly on you device, subscribe now.