Министр уу коргошун боюнча: президент экөөбүз кайнатмасын даярдап жатабыз

0

Учурда социалдык тармактарда уу коргошун деп айтылып, коронавируска каршы дары катары активдүү талкууланып жаткан «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы чөптүн кайнатмасы республика боюнча бардык ооруканаларда коронавируска кабылгандарга берилип жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Кабарчы ага социалдык тармактарда коронавируска каршы президент Садыр Жапаров сунуштаган дары делип активдүү талкууланып жаткан «Ысык-Көл тамыры» ден соолукка канчалык пайда же зыян алып келерин билүү үчүн кайрылган.

«Ал Кыргызстан боюнча бардык ооруканаларда берилип жатат. Дозасын президент өзү аныктап, өзү кайнатып жатат мени менен бирге. Бүгүн саат 13.00дө интервью берем, ошол жерден баарын айтам», — деди министр.

Ошондой эле ал президент абакта жаткан кезде бул «дарыны» сунуштаганын кошумчалады.

«Жапаров Жээнбековго кайрылып, ал укпай койгондо мага «сен дарылап көр» деп айткан. Мен туугандарымды дарылагам. Бүгүн журналисттерге кантип ичиш керектигин көрсөтөм. Ошол жерде өлбөгөнүмдү көрөсүңөр. Анткени мен министр катары жоопкерчиликти өз мойнума алышым керек», — деди ал.

Мындан тышкары, министр кыргыздар бул кайнатма менен беш кылым мурда эле дарыланып жүргөнүн айтты.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.