Сен үчүн дүйнөгө өрт коём. А апам үчүн сени да өрттөп коём…

0

Жазгүл экөөбүз көп жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келдик. Кудайым буйруса, жазында турмуш жолуна бирге аттанып, бир чакан мамлекет курабыз деп турабыз.

Жазгүл экөөбүздүн алдыбызга койгон зор максаттарыбыз бар. Ооба, ал ортодо көп балалуу болгубуз келет. Ата-энебизди колдон келишинче сыйлап, урматтоо биринчи максатыбыз. Ырас, ансыз деле сыйлайбыз деңизчи.

Азыртадан анын кулагына биринчи орунда ата-энем тураарын куюп жатам. Эртең «тыдың-пыдың» дегениңди укпайын дейм. Ал да тамашалап, «Бир кайната-кайненемди алдап-соолап батасын ала албасам келиндигим кайсы» деп күлүп калат. Анан мен «Жан, сен үчүн дүйнөгө өрт коём. А апам үчүн сени да өрттөп коём» деп коём. Ал каткырып, «мейли, баарына макулмун шеп» деп кутулат. Айтор, өтө бактылуу жанбыз. Минтип аны тамашалаганым эле болбосо, аялзатын катуу сыйлайм. Ал мага, мен ага ишенем. Буйруса, бактылуу болобуз. Бизге бакыт тилеп коюңуздар!

Айдар, Жалал-Абад шаары.

Булак: AibekNur.kg

Get real time updates directly on you device, subscribe now.