ТҮШ КӨРГӨНДӨ ЭРТЕҢКИ ЖАШОО ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ АЛСА БОЛОТ

0

Баардык түш адамга өлбөстүктү айтат. Качан кызуу уйкуга киргенде катылган сырлар келет. Адам түш көргөндө баардык нерсе тууралуу маалымат алса болот. Түш көрүүнүн этаптарында ар дайым акыл-эси иштеп турат. Түш көрүүнү изилдөөлөр Адамдын жандүйнөсүндөгү өзгөчө көрүнүш катары түш көрүүнүн адамзат тарыхында узак убакыттар бою өзүнө көңүл бурдуруп фольклордо, мифологияда, динде, философияда, илимде ар түрдүү түшүндүрүлүп келген. Көптөгөн ырым-жырым, ишенимдердин жаралышына себеп болуп, кээде ар кандай акылга сыйбаган нерселер менен түшүндүрүлгөн. Азыркы маалыматтарга ылайык, түш көрбөө же анын начар болушу нерв оорусуна, же башка психикалык бузулууларга алып келет. Көпчүлүк элдерде, анын ичинде кыргыз элинде да түш жоруунун калыптанган мазмундары бар. Түштөгү чыгармалар Көптөгөн адамдар өздөрүн кыйнаган көйгөйлүү маселе жөнүндө көп ойлонсо, анда аны түшүндө чечип алганга болорун окумуштуулар айтышкан. Буга далил катары, дүйнөгө белгилүү адамдардын айткандарын жазып калтырышкан. Маселен, немец химиги Ф.А.Кеккуле өзү ойлоп тапкан бензолдун формуласынын түзүлүшүн түшүндө көргөн. Ал эми Лафонтьев «Эки көгүчкөн» аттуу тамсилин түшүндө жазса, Пушкин менен Фет ырларын түшүндө чыгарышкан. Менделеев түшүндө түзүп жаткан таблицасынын химиялык элементтеринин атомдук көлөмүнүн өсүшү боюнча жайгашып калганын көргөн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.