Тагдыр тамашасы: Жети жыл мурун таштап кеткен жигиттин келини болуп калдым

0

Турмушка чыкканыма аз эле болду. Биз үйлөнгөндө бир кайнагам алыста
болуп калып, тойго келе алган эмес. Жакында эле авиакаттамдар
ачылып, келди. Ал келгени экөөбүз бир үйгө батпай жатабыз.

Мындан жети жыл мурун кайнагам менен сүйлөшүп, экөөбүз жашыруун чогуу
жашап жүргөнбүз. Боюмда болуп калганда ал мени таштап, менден кутулуунун
аракетинде Сургутка кетип калган. Арманымды бир курбума айтып, экөөбүз
тымызын баланы алдыртып, ызамды ичиме катып, отуруп калгам. Чынында эле
мен аны сүйгөм. Жашоомдо эч кимге алмашкыс адам болчу. Аны менен
байланыша албай калгам. Азыркы күйөөм артыман эки жыл чуркап жүрүп,
сүйлөшкөн кызын ыйлатып таштап, мени алып алды. Биз үйлөнөрдө мен буга
чейин алданып калганымды айткам. Ал болсо “жаңылбас жаак болбойт, өткөн иш
өттү” деп койгон эле.

Эми эки ортодо кызыктай абалда калдым. Эмне кыларымды билбей
жатам. Кайнагам менен бир сүйлөшүү керек.

Айжан

Get real time updates directly on you device, subscribe now.