Урмат Барыктабасовдон кеңеш: Инфаркт же инсульт болбоштун оңой эрежелери

0

 

Коомдук ишмер Урмат Барктабасов жакшы кеңештери менен бөлүштү:

«Инфаркт же инсульт болбоштун оңой эрежелери бар экен.

Кыргызстанда эң көп адам ушул жүрөк оорудан өлөт экен.

Себеби оңой эле нерсени билбей кете берет экенбиз же оорукчал болуп калат экенбиз..

2017 ж каным койулуп  ден соолугум начарлап жүрөгүмо операция жасаттым.

Эки стенд койдурдум.

Көрсө тромб пайда болгон экен.

Кан тамырлар ичкерип кан койулуп өтпөй калыптыр пробка болуп.

Ошол күнү мончого барып, тырмактарымды алып, чачымды тегиздеткем.

Операция жасатканы столго жатканда ойлоп койдум ии ушинтип кетет турбайбымбы, ырас тазаланып алыптырмын деп.

Дамир айтты-1 саат кечиккенде бул дүйнө мн коштомоксуз деп.

Дем ала албай кыйналдым.

Аба жетпей атты.

Врачка айта салдым, иним төшүмдү тилип койчу, аба жетпей жатат деп.

Ар жакты карасам Асель ыйлап туруптур.

Колум менен көрсөтүп коркпо деп көз кысып күлүп койдум.

Операция бир саат болду.

Кан тамырлар ачылганда өлө жыргадым.

Журок эмнеге ооруйт? деген суроого жооп издедим.

Кан койулат экен, кан тамырлар ичкерет экен, анан ал журөкө терс таасирин берет.

Анан адам инфаркт же инсульт болот.

Жакында  Талант деген дарыгериме барып текшерилдим.

Кардиограммага туштум жана башка да  тапшырмаларын аткардым ( анализ жб).

Дарыгер ден соолугуңуз мыкты экен деген диагноз койуп берди.

Эмне үчүн мыкты болду ден соолугум силер мн бөлүшүп койсомбу деп чечтим.

  1. Күнүнө 2 литр таза суу ичкиле.
  2. Күнүгө 4 км жөө баскыла.
  3. Абсолют көнүгүүсүн эки маал жасагыла.
  4. Таң эртең менен ачкарын бир баш чеснок жуткула.
  5. Кызылчаны аянбай жегиле.
  6. Оливканы каалышынча жегиле..

Булар иммунный системаны мыкты кылат, күчтөйт..

Кан койулгандын эң негизги себептери.

  1. Стресс . Абсолют көнүгүү стрессти туп тамыры менен жоготот.
  2. Кислороддун жетишпегендиги. Абсолют көнүгүүсү кислородду киргизип берет.
  3. Белок жетишпейт. Оливка, чеснок, кызылча жана суу денеге белок берет.
  4. Кыймыл денени чыңайт, кислород берет.

Күнүгө 5-10 км баскыла.. жүгүрүп кажет жок.

Ушуларды кармансаңар ден соолугуңар зыңк болот.

Ии баса тамекини таштагыла.

Миңдеген доллар коротосуңар эрежени сактабасаңар..

Эрежени сактасаңар өмүрүңөр узун болот..

Өмүрүңөр узун болсун, ден-соолугуңар чың болсун!

Get real time updates directly on you device, subscribe now.