Жүрөгүндө жарасы бар балдарды карыларды кубандырган Чынара Мамажакыпованы колдоп алалы!

0

“Кайрымдуулук кылуу- улуулук алып келет” деген накыл кеп бар. Кайрымдуулук бул жакшылыктын башаты. Бул улуулукту түшүнгөн Чынара Мамажакыпова  он жылдан бери кайрымдуулук иштери менен алектенип келет.

Алгач “Аярзат” коомдук уюмун негиздеди. Анан “Керемет келечек” балдар үйүн ачып, ондогон балдар үйүнө барып, кайрымдуулук иштери менен алардын жашоосуна  шаң тартуулап келет.

Чынараны жакын адамындай сезип карылар үйүндө, балдар үйүндө зарыгып күткөн кайгылуу көздөр көп.

Ушундай иштерди жасаган, кайрымдуулук иштери, жылуу мээрими менен жүздөгөн жүрөгүндө жарасы бар балдарды карыларды кубандырган, жылуулук тартуулаган Чынара айымга рахмат.

Жүрөгүндө мээрими бар, аярлуу катмарга аяр караган Чынарадай элдин кызы Жогорку кеңешке келсе өлкөбүз үчүн жеңиш болмок.

Чынара Мамажакыпова шаардык кеңешке шайлоого талапкерлигин коюп өзү лидер болгон “Тынчтык” партиясы менен жарышка аттанды.

Бирок жеңишке жетпегени менен жакшы иштер алдыда. «Баары жакшылыкка» деген кеп бар. Өтпөй калдым деп кайгыруу кажетсиз. Биз сенден үмүтүбүз чоң!

Элдин үмүтү чоң. Жасалчу иштер али алдыда! Чынарадай мекенчил кызыбызды колдоп алалы!

Get real time updates directly on you device, subscribe now.